www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол ачкыла, "Пармаш" келатат!

Милиция системасында көптөгөн кадрларды тарбиялаган, профессионал кадр Бакыт Парманкуловдун жогорку кызматтардын бирине келүүсү мезгилдин талабы болууда. Ага карата мурдагы айыптоолор суу кечпей калганы ырас. Каймана аттуу «Пармаштын» бир тууган балдызы Алтынай Өмүрбекова вице-премьер-министр, карачечекей өкүл баласы Канат Жумагазиев Бишкек ШИИБнин начальниги, дагы бир канча шакирттери күч түзүмдөрүндө жооптуу кызматтарды аркалап келишет.

Учурда каарманыбызды коддогон катмар арбып, жакында бактысы жанганы турат. Табиятынан кыраакы, ишке кыйын жетекчи «Пармаштын» тажрыйбасын мамлекет үчүн пайдалансак неге болбосун? Эң сонун жарашат! «Ит күлүгүн түлкү сүйбөгөн» заман өттүда, эми алдыңкы орундарды профессионалдарга бошотуп берсек.

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости