www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылдары «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов мамлекеттик ЖМКлардан түшпөй калганы баарыбызга эле белгилүү. Омоктуу ой айтып аткандай берилип алып сүйлөйт. Көрсө, артындагы тирөөчү күчтүү болуп, бийликтин маалыматтык ресурсун каалагандай пайдаланууга мүмкүнчүлүк алыптыр. Тилекке каршы, Молдокматов канчалык интервьюларды берсе да, анчалык коошпой, жасалма түрдөгү саясатчыдай көрүнүп, кимдир бирөөнүн трибунасындай сезилгени, коомчулукка жугуму да болбогонун кайда жашырабыз?

Ал эми «Замандаштын» нукура лидери Мухтар Өмүракунов коммерциядан көтөрүлүп, өз күчү менен телчигип, мигрантгардын укугун коргоодо да үлкөн иштерди жаратып, саясатта болсо өз ордун таап, баралына жаңы гана келгенде кырсык басып, көзүөтүп кеткен. Аттиң! Мындайча айтканда, Өмүракунов карандай эмгеги менен саясатка аттанган... А азыр Молдокматовду бийлик колдобой койсунчу, чечмелетпей эле түшүнүп алгыла да...

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости