www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 2020-жаңы жылдын алдында партия лидерлери  Зулпукаров, Текебаев, Сулайманов үчөө келатышса Аяз ата казылган чуңкурда отурат дейт.

- Бул чал эмне бул жерде отурат? – дейт кээ бир министрлерди фракция лидери катары өзү дайындап, мансапка көзү тунарган Алтынбек Сулайманов.

- Партияң «Бир бол» аталганы менен, элди бириктире албайт экенсиң, - дейт Аяз ата.

- Бул чал эмне эле деп атат? - деп опурулат камактан жаңы чыгып келген Текебаев.

- Партияң «Ата-Мекен» аталганы менен, «ата-мекенчилериң» мекенин талагандан кайра тартпайт экен, - деп Аяз ата Зулпукаровго карап, -Сиз эмне унчукпайсыз, сизге эмне керек?- дейт.

- Сизгечи? - дейт Зулпукаров.

- Мен ушул аңдан чыксам дегенде эки көзүм төрт.

Зулпукаров колун сунуп Аяз атаны аңдан сууруп чыгат. Зулпукаровго Кыдыр жылоолоп парламенттик шайлоодон көп добуш топтоп өтүп кетет имиш. Берки экөө парламенттик шайлоонун 9 пайыз тосмосунан өтө албай калышыптыр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости