www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Легендарлуу саясатчы, жетекчи Бекмамат Осмоновдун Жогорку Кеңештеги Айнура Осмонова аттуу карындашы бар. Канда бар окшойт, сүйлөгөндөрү, койгон суроо-талаптары орундуу, так. Каяктагы айрым эркек популист депутаттардан "өлсө өлүгү артык" дегендей.

Мына ушул депутатыбыз өткөн апта этеги Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасы, илимдүү-билимдүү делген Толкунбек Абдыгулов менен вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун уятын чыгарды. Анда банктын төрагасы депутат айымдын "Бүгүнкү күндө банкоматтар менен канча айыл камсыз болгон?" деген жөнөнкөй суроосуна жооп бере албай койсо, Замирбек Аскаровду катындарча айтышпай эле, ишти оң жагына чечип берүүсүн айтты.

Албетте, түшүнөбүз, банктын төрагасы жалаң гана ири эсептер менен борбордо "иш кылып" жатса, алыстагы айылдарда банкоматтар менен канчалык иши бар?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости