www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Мирслав Аманкулов тууралуу өткөн саныбызда жазганбыз. Суроо узатып. Андан бери толук бир жума убакыт өтсө дагы Аманкулов тараптан жооп болгон жок. Үн катпады. Демек, биздин жазгандарды моюнуна алдыбы? Эмнеге эки ооз сөз менен жооп берип койгонго жарабайт? Мактанып гезиттерге маек берип атканда, биз айткан суроолорго өз жообун айта кетсе болот эле да. Же эмне, тоготпой атабы? Биз да Мирслав мырза жооп бергенге чейин үстөккө-босток суроолорду гезит аркылуу бере берели деп чечтик.

Эсиңиздерде болсо өткөн саныбызда, Мирслав Аманкулов Жалал-Абаддын облустук токой-чарбасына директор болгон учурунда кымбат баалуу деп эсептелген жаңгактын тамырларын (каптарды) сатып жибергенин, ал боюнча иш козголгонун, ал ишти кандай жол менен жапканын сураган элек. Бүгүн да ошол суроолорду кайталоо менен кошумча суроолорду бере кетели: —Урматтуу Мирслав мырза, сиз учурда кызмат абалыңыздан пайдаланып аңчылык боюнча лицензияны кандай жол менен берип атасыз? Токой-чарба тармагында кандай кыйраткан «реформаларды» жасап атасыз? Биосфера боюнча Жогорку Кеңешке келгенде депутаттардын суроолоруна какап-чакап жооп бере албай калдыңыз эле, ал боюнча тактап алдыңызбы? Азыркы орунга ким аркылуу келгениңизди ачык айтып койбойсузбу? Жалал-Абаддагы ишти кандай жол менен жапкансыз? Сизди аябай айлакер, амалы алты эшекке жүк дейт го. Ушул чынбы? Жетекчи катары коррупция деген терминди кандай түшүнөсүз? Деги эле, азыр коррупция деген балекеттен алыс, таптаза иштеп атам. Ишенсеңер бир гана айлык менен жашап атам деп куран кармап айта аласызбы?

Амантур Мусагул уулу

Булак: “De-facto”

Последние новости