www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар бир турист элден далдаа, көпчүлүк барбаган жана жаратылышы жанга жагымдуу жай издейт. Бул кыялды орундатуу үчүн "Жашыруун жээк" деген каймана аталышы бар, Марьета аралында жайгашкан Плайя-Дель-Амор пляжына барууга туура келет. Quora сайтынын колдонуучусу Сиддхарта Дас далилдегендей, аталган жай бомба жарылуудан соң пайда болгон, 1900-жылдардын башында Мексика ээн талааларга бомба сыноолорун өткөрүшкөн. Натыйжада аралдардын биринде аңырайган тешик пайда болгон. Мезгил өткөн сайын агындылар бул жака суу менен кумду алып келген. Эл көзүнөн далдаа" болгон, сымбаты арткан бул жайга жыл сайын туристтер кепип эс алып, күнгө күйүп жана кайыкка түшүп эс алып кетсе болот. Баса, Палайя-Дель-Амор кыргыз тилине "Сүйүүнүн жээги" деп которулат. Сыртынан карганда байкалбаган бул аймакка 24 метрлик тешик тоо (туннел) аркылуу бара аласыз.
Булак: “Ачык саясат”