www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, Казахстандын биринчи президентинин небереси Айсултан Назарбаев чындыгында ал Рахат Алиевдин эмес, Нурсултан Назарбаевдин уулу экендигин жар салып, дүйнө коомчулугун өз назарына турду.

Бүгүн, Казакстандын качкындагы саясатчысы, оппозиционер Мухтар Аблязов бул тууралуу өз оюн айтып, Айсултандын сөзүндө чындак бар экендигин билдирди. Анын айтымында, ал Дарига Назарбаева менен анын маркум жолдошу Рахат Алиевди студенттик кезинен бери тааныйт. Кечээ Айсултан сенсациялуу маалыматты жар салгандан кийин Мухтар Аблязов Айсултан Назарбаев менен байланышып, экөө көпкө чейин ачык сүйлөшкөн.

Айсултандын айтымында Нурсултан Назарбаев аны убагында Дарига Назарбаева менен Рахат Алиевдин багуусуна берген. Бирок, кийин Дарига Назарбаева бийликти Айсултандан кызганып, ага карата жашыруун кыңыр иштерди баштайт. Себеби, коомго Айсултан Нурсултандын уулу экендиги маалым болгондон кийин Даригага бийлик буюраары күмөн болгон. Ошондон улам Дарига аны ар кандай жат иштерге аралаштырып, атын булгаганга аракеттерди байма-бай көргөн. Азыркы тапта дагы Дарига Назарбаев Айсултан Назарбаевдин артына түшүп, аны кандай гана жол менен болбосун жок кылуунун амалын издештирүүдө. Айсултан болсо өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мындай жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарып, дүйнө коомчулугунун назарын өзүнө бурган. Ачыктык гана учурда анын коопсуздугунун кепилдиги болушу мүмкүн, - дейт Мухтар Айблязов.

Аблязов Нурсултан Назарбаевдин өзүнө кайрылып, Дарига Назарбаева Айсултандын артынан түшүп алгандыгын айтып, аны коргоого күч аракетин жумшоосун өтүндү. Андан сырткары, Айсултан Назарбаев Англиянын ханышасы Елизаветта II ге кайрылып, атасы Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп берүүсүн өтүнгөндүгүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости