www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Өзгөн шаарынын тургуну  23 жаштагы К кызы К жана ага бала сатууга көмөктөшүп жүргөн аяш энеси  А.Э. аттуу аял ымыркайды 5000 долларга соодалашып, сатып жаткан учурда кармалды.  Бул тууралуу ОШ ОИИБинин басма сөз кызматынан NazarNews.kgге Жеңиш Аширбаев билдирди.

Маалыматка караганда К кызы К.нын сатууну көздөгөн баласынан сырткары дагы эки баласы бар. Ал эми анын аяш энеси 45 жаштагы А. Э. буга чейин сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болду.

Тергөө амалдары жүргүзүлүп 2020-жылдын 21-январь күнү КР ЖКнин 98- беренесинин  негизинде Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алардын баш коргоо чарасы каралып, ымыркайдын энеси К кызы К ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Ал эми ортомчу болгон А.Э. эки айга камакка алынды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости