www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөттүн уран казууну убактылуу токтоткону каршы чыккан элди сооротуубу же чындап эле анын зыяндуу жагын эске алып, өкмөт экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабы?
- Уранды иштетүүгө жол берилсе, зыяны бүт элге тиет. Буга биз кескин түрдө "жок" дешибиз керек! Советтик мамлекеттен калган урандын калдыктарынан азыркыга чейин канчалаган элибиз зыян тартып келе жатат. Кыргыз элинин генефондуна, калктын саламаттыгына терс таасир тиет. Абылгазиевдин өкмөтүн кечээ депутаттар айга теңеп мактап койсо эле, "эми бизге баары боло берет!"- дегенге өтүштүбү? Өткөндөн өкмөт сабак албайт экен. Азыр келечегин ойлоп каршы чыккан тоңдуктарга "тоскоол кылсаңар көрөсүңөр..." - таризинде эскертүү жасашууда. Буга чейин Ала-Букада, Кадамжайда минтип каршы чыккан элди токмоктоп, кордошту эле. Эми кезек ушул карапайым көлдүктөргө жеткен турбайбы! Абылгазиев эсине келсин, от менен ойнобосун... Элдин саламаттыгы жана тынчтыгы кымбат. Бүгүн бийлик аталган кенди иштетүүгө берген лицензиясын тез арада жокко чыгарышы зарыл. Дагы жакшы, коомчулуктун чуулдаганынан улам өкмөт чалгындоо иштерин токтотуп койду. Бирок, бул биротоло жапкандык эмес. "Зыяндуу болбосо иштетебиз"- деп атышат. Кагазга ороп туруп, "текшердик, зыяны жок"- деп эртең ишти кайра баштап да жиберишсе таң калбайм.
Чынайым Кутманалиева
Булак: "Фабула"