www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жылы картошка сатууда көйгөй болгон, далай картошка чирип кеткенин журналисттер айтып чыккан. Быйыл министрликтин өкүлдөрү картошканы кыйла азыраак эгүүнү пландап жатыптыр. Күз-кыш картошканын баасы канча сомго көтөрүлөт, былтыркы шарапаттан кийин дыйкандар деле, картошка эккиси келбей калса керек!? Мурашевди миң тепкилесең да майнап чыккан жок.
Өзбекстанды бир айтып, Түркменстанды айтып, акыры жаздын жарымын аттап, картошканы сатмак турсун, чирик картошканын жарымын кесип тиге турган маалга жеттик. Мурашевдин “мурдунан алысты көрбөгөн” саясаты дале болсо өкүм сүрүүдө. Былтыр дал ушул Мурашев баштаган министрлик келээрки жылга прогноз жасап, картошканын баасы асман болуп, дыйкандар байып эле жатып калаарын кабарлаган болучу.
Быйыл соя менен малина укмуш болот деп туру. Көрөлү, малина болбой калып Чүйлүктөрдүн “чыйт” түкүргөн тамчысынан кол куралып, анан барып Мурашевдин тагдыры чечилбесе, өкмөттүн өзүмчүл өгүз өлбө арабасы алардын каалоосундай кете берет көрүнбөйбү. Ушундай министрдин барынан жогу жакшы эле да. Эмнеси болсо дыйкандар абайлагыла!
Булак: "Факты.kg"