www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Камчыбек Кыдыршаевич, Сизди буга чейин Москвада болчу деген маалыматтарды угуп жаттык,  бир кездеги партиялашыңыз, досуңуз Садыр Жапаровдун абалы боюнча эмнелерди айта аласыз?

-Cадырдын акыбалы боюнча айтпаган адам калбады. Кичинесинен чоңуна, саясатчысынан  карапайым адамга чейин айтып чыкты. Ким курулай сүйлөп же күйүп жатат баарын  байкап олтурам. Садыр бүгүнкү акыбалга келип түшкөндөн кийин  буга жардам берүү жолун ойлонушубуз керек. Сөз менен маселе чечилбейт. Садыр кылмышкер эмес. Мүмкүн ал кайсыл бир эрежелерди бузгандыр.  Соттун  чечими чыгып, күчүнө кирмейинче муну  кылмышкер деп атоого болбойт.  Экинчиден мамлекеттин  күчүн пайдаланып  Садыр Жапаровго  жасалган  бүгүнкү күндөгү мамиле өтө  оор кылмышкерге  жасалбай турган мамиле деп эсептейм. Бийликтин  Садырга жасаган  мамилесин кылмыш деп атаса болот. Эң негизгиси батыраак сакайып чыгып кетсин. Садырды Караколдогу ишке байланыштуу кармадык деп айтып жатат. Ал  иш боюнча Садыр кайсы бир деңгээлде мыйзамды буза турган болсо  аны эч кандай кыйнап, оор кыйынчылыктарга туш кылбастан  жашынакай кылып мыйзам чегинде тергеп, карап, эгерде чынында мыйзам чегинде жазасын  берсе болот эле. Булар болсо  өтө ашырып жиберишти.  Ушул жерде көңүлүм толбогону Садырды мекенине келүүгө ким көкүттү, кандай ой айдап келди? Азыр  интернетти карасак баардыгы “кеттик, кеттик. Ушунча миң билет алынды, бул жакта, тигил  жакта баланча миң билет алынды,мигранттар баардыгыбыз барабыз. Он миң адам чыгабыз”-деп олтуруп Садырды көкүтүштү. Бирок келгендерди көрдүк го, интернетти карасак “тим эле Садыр үчүн өлүп берем”-деп жазып аткандар бар. Бирок бүгүн Садырдын жакындары митингге чыкканда  бирөө чыктыбы? Жок, эч ким колдогон жок. Сөз менен маселе чечилбесинин далили ушул. Бул жерде азыр өтө этият болушубуз керек да. Бул жерде Садыр гана эмес тууган уругу,  балдары жабыр тартып жаткан абал. Бир нерсе сүйлөгөндө абайлап, зыян болуп калбагандай болушубуз керек.

-Балдарынын, бир туугандарынын камалышы боюнча  пикириңиз кандай?

-Мунун баардыгы ошол күндөгү болгон  митингдин айынан жабыркап, камалып олтурат. Менимче буларды камабай эле, тергөөсүн жүргүзүп, чындап  күнөөсү болсо эркиндикте деле жазасын берсе болмок. Балдарды коркунучтуу кылмышкерлердей кылып кармап,  олтургузуп  койгонун туура көрбөй турам.

-Сиз аларды кичинесинен билет болушуңуз керек?

-Туура айтасыз, мен Садырдын балдарын жана  бир туугандарын кичинесинен билемин. Баардыгы тартиптүү, ата-энесинин тилин алган  ыймандуу балдардан болчу.  Алардын арасында ушундай эле бейбаштык жасап, же уурулук кылып, жамандык жасай ала турганы болгон эмес. Балдарды кармабаш керек болчу.

-Бизге жеткен маалыматтарга караганда сиз анын жеке үй-бүлөсүнүн, өзүнүн абалын сурап барып жатыптырсыз. Бирок коомчулук сизди таптакыр   досунан баш тартып койду деп жатышпайбы?

-Мен досумдан эч качан баш тарта албайм. Мен айттым го интернеттеги жөн эле сүйлөп, бири-бири менен чабыштырып олтургандардан көрү бүгүнкү күндө  эң негизги маселе кыйналып абакта олтурган балдарга жана үй-бүлөсүн жардам  беришибиз керек. Аларга  кандайдыр бир жолдор менен ушул кыйынчылыктан чыгып кеткенге шарт түзбөсөк болбойт. Мен ушул жагына басым жасап жатам.

-Журналисттерге эмнеге таптакыр пикириңизди билдирүүдөн баш тартып койдуңуз?

-Баардык журналисттердин суроосуна жооп берип, Садырдын кайгысынан элге жакшы көрүнүүнүн жолун издегендердин арасында эмесмин.  Мени Садырга жардам бериптир же жакшылык кылыптыр деп жакшы көрбөй эле коюшсун. Бирок колумдан келишинче жардам берем.

-Садыр Нургожоевичтин мындай  акыбалга түшүп калганын сиз эмнеден көрүп жатасыз?

-Садыр өзү өтө ак көңүл ишенчээк адам эмеспи. Бүгүнкү күндөгү коомубуздун талаптарына жооп бербеген башкы маселелердин бири бул мекенчил, уяттуу жигит. Ошондуктан бул ушул маселелердин тегерегинде жүрүп эле алданып калып жатат. Бүгүн Садырды ким алдады? Эмне үчүн  Кыргызстанга келип өзүн, тууган уругун ызы-чууга кабылтты? Муну көкүткөндөр кимдер? Ушунун тегерегинде дагы ой жүгүртүп коюшу керек. Садыр бир аз шашпай турса болмок. 2013-жылдан бери мен Садырдын бир дагы саясый акциясына  катышкан жокмун, аны менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жүз көрүшкөн эмесмин. Өзү кайсы бир адамдар менен иш жасап жатса керек. Эгерде ал ушул жакка келээрин  мага айтканда, байланышканда келбе деп акыл айтат элем. “Садыр Кыргызстанга бар эле бар, сени көптөгөн эл күтүп жатат”-деп көкүтүп коюшуп, өздөрү азыр тымпыйып  компьютерден  чыкпай олтурушат.

-Садыр Жапаров дайыма  президент болгусу келгенин жашырбайт. Бул амбициясы сиз менен чогуу жүргөндө эле бар беле?

-Мекенчил уулдардын элдин жүгүн аркалап ушундай асыл тилектери болгону жакшы. Садырдын журт башкарам деген  асыл тилеги болгону жакшы нерсе.

-Коомчулук таптакыр өзүнө-өзү кол салганына, видеодогу сөздөрүнө ишене албай жатышат, сизчи?

-Мен деле расмий маалыматтарды  карап олтурам. Өзү расмий түрдө түшүнүк кат жазып берип, видео кайрылуу жасады. Бирок бул расмий кагаздарга толук ишене албай жатамын. Чындыкты бир гана  Садыр өзү билет. Кайсы бир убакта  бул чындык ачыкка чыгат деп ойлойм. Мен азыр депутат же  колумда бийлигим болбосо, расмий өкүл болуп ал жактан абакка кире калганга  юридикалык мүмкүнчүлүгүм болбой жатат.  Бирок кирип сүйлөшүп чыксам жакшы болот эле деп ойлонуп жатам.

Садыр Жапаровду 5 маал намаз окуйт дешет.  Мындай адам өзүнө-өзү кол салуусу мүмкүн эмес деп жатышат...

-Эгерде мусулман  намаз окуса Алла-Тааланын ыраазычылыгы жана  өзү үчүн окуйт. Намаз окуган адам сабырдуу болуп, кайсы бир ишти кылаардын алдында  ойлонуп таразалап анан кылат. Биз Садыр Жапаров менен 2012-жылы СИЗОдо чогуу олтурганда ал намаз окуйт эле. Азыр деле намаз окуса керек . Садырдын өзүнө-өзү кол салып, тамагын, колун биринин артынан бирин кескилеп жибергенине  бир аз ишенбей турам.

- Достук мамилеңиздер дагы деле барбы?

-Бизде таптакыр кастык мамиле жок. Достук мамиле болгондо 3 жылдан бери ал Кыргызстанда эмес. Эч кандай аны менен сүйлөшүп, байланышып, макулдашкан ишибиз болгон  жок. Бирок экөөбүз жакшы-жаман окуяларды башыбыздан өткөрдүк. Ал нерсе эч качан унутулбайт. Мен Садыр менен дос экенимди  жасап аткан ишимди, жакшылыгымды жар салып далилдебейм, иш менен далилдейм. Кудай Садырдын башына салган ишти эч кимдин башына салбасын. Өтө оор учурду башынан кечирип жатат.

-Негизи түрмөдө ким гана жатпасын  коопсуздугу сакталып өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирбеш керек. Садыр Жапаровдун окуясынан кийин Жазаларды аткаруу кызматынын башчысы же №1 СИЗОнун башчысы кызматтан кетиш керек беле?

-Мен бул жерден кимдир бирөөнү  кызматынан кетсин же  кетпесин деп баа койгонго акым жок. Садыр Жапаров жөнөкөй эле бир көчөдө жүргөн, катардагы кылмышкер эмес. Мен дагы бир жолу айтам,  Садырды кылмышкер деп эсептебеймин. Элге журтка кызматы сиңген, бааланган,  эки жолку жогорку кеңештин депутаты, мамлекеттик кызматтарда иштеп жүргөн аты таанылган жигиттерибизден. Садыр Жапаровду алып барып кылмышкерлердин колуна салып берип,  же катардагы  кылмышкерлер менен кошо олтургузуп койгон туура эмес. Бул башынан туура эмес болгон. Саясый жактан кармалгандар УКМКнын абагында олтурушпайбы. Ошол жерге эле кармап, тергөө иштерин жүргүзсө толук мүмкүнчүлүк болмок. Кайсы максатта эмне үчүн  кылмышкерлердин арасына алып барып кошуп койду билбейм. Эгер  Садырды УКМКга камаганда ушул окуя болбойт эле.

-Садыр Жапаровдун канжалаган сүрөтүн  интернет булактарынан көргөндө жүрөгүңүз абдан ооруса керек?

-Садырдын  канжалаган сүрөтүн көргөндө эле эмес, биринчи эле күнү  балдарын, туугандарын тепкилешип жүктөп кеткенде, чыркыраган үндөрүн укканда интернеттен,  теледен жүздөрүн тааныганда  ар бирин таанып билген адам катары  абдан капаландым. Балдарын көргөндө ого бетер ата катары  жүрөгүм ооруду. Ренат Садырдын бул дүйнөдөн өтүп кеткен инисинин баласы.  Ал ата-энеси каза таап авто кырсык болгондо өзүм көтөрүп, Караколдун ооруканасына алып барып жаткыргам. Үрүстөм деген баласы, баардыгы Садыр экөөбүз чогуу жүргөндө  кичинекей балдар эле. Мына азыр чоңоюшуп, жетилишип, мектепти, окуу жайларды  бүтүп чоң жигит болуп калышты. Баардыгы менин көз алдымда чоңоюшту. Дагы бир жолу белгилеп  айткым келет. Булар кылмыш кыла турган балдар эмес, тарбиялуу, жакшы балдар болчу. Ушуларды көрүп жүрөгүм абдан ооруп жүргөн учурум. Балдарды кармабаш керек болчу.

-Демек сиз  Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүн моралдык жактан  ал абактан чыкканча колдойт экенсиз да?

- Ушул убакытка чейин эч кимге айтпай, эч кимге жар салбай, акылдашпай, сурап олтурбай  колубуздан келген жардамыбызды берип келе жатабыз. Мындан ары да ушундай кылабыз.  Бирок аны жар салбайбыз,  Кудай менен Садырдын жакындары билсе болду. Кудай буйруса  Садырдын бүлөсүн,  өзүн кубаттайбыз. Аман эсен балдарынын кашына келсин, абактан  деп  Кудайдан тилейбиз. Мен баса белгилегим келет.  Садыр эч качан коркунучтуу иш жасаган адам  эмес деп эсептеймин.  Садыр абактан чыгып  үйүнө келгенче үй-бүлөсүнүн жанында турам. Бул менин адамдык, мусулмандык милдетим деп эсептеймин.

 Маектешкен Баян Кулова

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости