www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Сириянын Хомс шаарындагы бир аба базасын ракеталар менен атты.

Жер Ортолук деңизде орун алган АКШга таандык эки согуштук кемеден Хомстагы  аба базасына 50дөн ашуун tomahawk ракетасы учурулду.

Пентагон, Американын ракеаталарынын Хан Шейхундун түштүгүндө орун алган Шарят аба базасын бутага алганын жарыялады.

Аты аталган аба базасында орун алган согуштук учактар, жол тилкеси, май куюучу станциялар жана аба базасына таандык имараттар атылды.

Операциялар тууралуу маалымат берген президент Дональд Трамп, Асад режиминин химиялык курал колдонгонуна шек жок экенин айтты.

Трамп, атылган базада да химиялык куралдар болгонун жана Сирия режиминин эл аралык химиялык курал келишимин көп жолу бузгандыгы үчүн чабуул коюуга арагасыз болгондорун билдирди.

Асад режиминин Идлибде бейкүнөө балдарды да аябаганын эске салган Трамп, химиялык кол салуу болгон аскердик базаны бутага алган операциянын буйругун өзү бергенин баса белгиледи.

«Дүйнө жүзү татаал мезгилден өтүүдө»,деген Трмап: «Мигранттык агымдар арткан сайын, проблемалар тереңдеген сайын, шериктештерибизди да адам укуктарын бузууга каршы биз менен чогуу кыймыл кылууга чакырамын»,-деп айтты.

Ушул алкакта террор менен күрөшүүнүн маанилүү экенин айткан Трамп, өлкөсүнүн адилеттик жана дүйнөнүн коопсуздугу үчүн иштөөсүн уланта турганын белгилеп кетти.

Бул учурда АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон, операциядан мурда Орусия менен катар айрым шериктештердин маалыматтандырылганын жарыялады.

Пентагон да кийинки буйрукка чейин бомбалоо токтотулганын билдирди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости