www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каптагаев эмне мынча кыйпычыктайт?

Ысык-Көл облусунун мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев акыркы кездери маалымат булактарынан түшпөй, бийликти байма-бай сындап, социалдык тармакта күнү кур эмес өзүн жактап, өзгөлөрдү ур-токмокко алган постторду жазып, аябай активдүү аракетке өттү.

Муну менен ал өзүн алдын-ала коргоп жактандай таасир калтырат. Анткени маалымат булактарында жакында Каптагаевге да кылмыш иши козголуп, темир тор артынан орун алып калышы мүмкүндүгү жазылып, айтылып келе жатат.

Сыягы,«.. далысынан сезет» болуп, учурда модага айланган фразага жармашып, «бийликти сынга алганымдан кылмыш ишин козгоп камаганы жатат» деп айтканга арык чаап жаткандай.

Дегенибиз, 2010-жылы банк кутучасынай алган 10 миң доллар боюнча убагында ошол кездеги Башкы прокурор кылмыш ишин козгой турган болгондо, үлкөндөр кийлигишип токтотуп коюшканы ай­тылып жүрөт. Мына ушуга окшогон иштер кайрадан жанданышы ыктымал экен.

Кылмыш ишин козгоп түрмөгө отургузмакчы болгон Башкы прокурор азыр да арабызда арабасын кылдыратып, аман-соо жүрөт. Демек Каптагаев калп деп тана койбос..

Булак: “Фабула пресс”

Последние новости