www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атагынан чатагы көп Улуттук илимдер академиясында да абал жакшы эмес. Академияда 31-мартта жалпы жыйын болуп, академиянын президенти болгону кызматкерлердин ыркын кетирип, кутун учурганы айтылып келген Абдыганы Эркебаев иштен кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди.

Аны өзү деле моюнга алып, академиядагы азыркы абалды мышык ыйлаарлык абалда деп баалап, жаштарга орун бошотуп берүү керектигин белгиледи. Бирок ал ортодо «кошоматка кой сойгондор» ортодон чыга калып, Эркебаевди мөөнөтү буткөнчө  иштешин, баштаган реформасын аягына чыгышын айтып жагалданышты.

Кайсы реформасын айтып жатканын ошол жердеги катышкандардын көбү түшунүшкөн жок. Сыягы талкалоо реформасын айтышкан окшойт. Негизи эле академия ичинен интригага толду. Интригадан чыга албай, илимий очогубуз ит эле болду.

Мындан улам, президенттикке интригадан алыс, таза адам келишин тилеген академия кызматкерлеринин үнү Кудайга жеткенби, мурдагы өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев жетекчи болоору көп болуп кетти. Чындыгында Жоомарт Кайыпович интеллигенттүү, иш билги инсан. Анын үстүнө эки жакка кеп чыгып, инвестиция тартканга жөндөмү да бар дешет. Мына ушул киши академияны жетектесе неге болбосун.

Булак: “Фабула пресс”

Последние новости