www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Камчыбек Кыдыршаевич, Раим Матраимов боюнча ар кандай кептер жүрүүдө. Ага жакында эки башка маалымат каражатынын бир теманын алкагындагы эки башка жыйынтыктагы иликтөөсү да от чачкандай болду. Сиздин оюңузча, чындык кайсы тарапта?
-Кечээги Р.Матраимов боюнча чыккан 5-каналдагы маалыматтан кийин мен да өз оюмду билдирүүнү чечтим. Себеби, өзүңүздөргө белгилүү болгондой ушуга чейин "Азаттыкта" Али Токтакуновдун материалы чыккан. Эми эмне болду? "Азаттыкка" чыккан материалдын жарымынан көбү жасалма экен. Ким жооп берет? Эмне үчүн эл -журттун башын айландырып, жалган материалдарды даярдап, каралоону максат кылган аракеттер жазасыз калышы керек? Мисалы, жакында эле Сабырбек Жумабеков Раимдин жакшылыктары жөнүндоө айтса, ушул эле журналисттер ал кишини "эмнеге айтасың" деп жаман көрүштү. Сөз келгенде айтып коеюн, Сабырбек Артисбекович чындыкты, өзү көргөн, өзү билген чындыкты айтып жатат. Раимдин жакшылыгы, адамгерчилиги, элге болгон кайрымдуулук иштери санап бүткүс, "калк айтса калп айтпайт" дегендей эл менен иштеп, эл менен жашап келе жатат. Эми мени да даярдалган “фейк-мейк”, дежур адамдар аркылуу жамандоого өтөсүңөр. Мен аныңардан коркпоймун, өзүм көргөн, өзүм билген чындыкты айтып коюу парзым деп эсептеймин.
-Демек, сиз Матраимовдорду ак жерден караланып жатат деп эсептейсизби?
-Эгерде Раимдин кылган кылмышы же туура эмес иштери болсо мыйзамдын чегинде жазалоого эмнеге болбосун. "Азаттыктын" журналистине окшоп жалган документтерди жасалгалап убара болбостон, далилдүү документтер болсо, мамлекеттин мыйзамдарына ылайык чара көрүлүүгө тийиш. Далилдүү документтер Раимдин коомго келтирген зыянын көрсөтүп жатса, анда мен өзүм “мыйзам алдында жооп берсин” деп айтып чыгууга даярмын. Факты, документиңер, далилиңер барбы, бергиле, а эгер жок болсо, бир уй –бүлөнү курулай жаманатты кылуу акыйкаттыкка жатпайт. Менин бирөөнү коргойун деген оюм жок, болгону коомубуздагы болуп жаткан окуяларга өз көз карашымды так билдирдим.
Булак: Майдан.кж