www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Революциянын бульдозеру” аталган Бекназаровдун турган турпаты бардык бийликке жакпайт. Бул жөнүндө ойлонуштуруп көрөлү:

1. Акаевдин бийлиги учурунда Бекназаровду белин бүктөп камакка тыгып салган. Себеби, Аксылык Түштүктүн кулуну депутат Бекназаров Үзөңгү-Куушту эмне үчүн  Кытайга беребиз деп Акаевдин тамагына тыгылган сөөк болгон. Турдакун Усубалиев, Акылбек Жапаров, Темир Сариев сыяктуу Түндүктүн тың чыкмалары өз жерин Кытайдан “аяшпай” берип жаткан соң Бекназаровго эмне шам? Ушул ой Бекназаровдун камалышына себепкер болгон. Арийне, Бекназаровдун артында бир топ депутаттар жана өз жерин карматкысы келбеген көпчүлүк турган. Бекназаровду колдоп Аксы эли толкуп чыкты. Бирок жамгырдай жааган ок алты кишинин өмүрүн шарт алып кетти. Кыргыздын чыгаан адам укугун коргоочулар чыкты алты эмес, алты жүз адам өлсө кана, атаганат! –дешип. Эгер ошончо киши өлгөндө Акаевдин бийлигин тазалайт элек дегендер болду. Бир адамдын өлүмү бир үй бүлөөнүн трагедиясы. Аларга трагедиянын кереги жок болуп калган. Бирок Аксы окуясы түбү Акаевдин гегемондук бийлигин жок кылды.

 

2. Бекназаров Бакиевдин бийлигинин учурунда Башкы прокурор болду. Акаевдин коррупцияланышкан бийлигин жок кылууга катуу аракет кылды. Кайдан –жайдан пайда болгон ишкер Данияр Үсөнов муну колдош үчүн 500 миң доллар берем деп чыкты. Арийне, ортодо Максим Бакиев деген көрүнбөгөн “серый кардинал” пайда болуп, Бекназаровду кызматтан алып, бийликке каршы түрттү. Бекназаров бийликке каршы ишенимдүү иштеди. Ал эмес 2009-жылы президентке талапкер Алмазбек Атамбаевди сүрөп жүрүп, бир адамдын унитазда отуруп алып элди башкарганын көрүп жүрөгү айнып кетти.

 

3. Отунбаеванын учурунда Бекназаров Убактылуу Өкмөттүн орун басары катары  Коопсуздук кызматты жетектеди. Ал өзүнүн “абысыны” Атамбаев менен Бажы кызматына кимди шайлайбыз деген маселе боюнча катуу талаша кетти. Атамбаев күчкө салып жеңип кетти. Кийин жан досу Бекназаровду президент болгон соң бийликке жакын жолотпой, оппозицияга кууду. Чындык бар Атамбаевдин досу Бекназаров болгон, Путин да, Эрдоган да ал эмес “жарма ичер” Иса Өмүркулов да дос болгон эмес. Тигилер мамлекет башчысы катары кесиптеш болсо, Иса Өмүркулов жарма, стакан ташыган бир “лох” болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости