www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясын чындап эле мыйзамдагы статусуна шайкеш коомдук телеканалга айланталы десек, эл өкүлдөрүнүн колдоосуна муктажбыз. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев Байкоочу кеңештин КТРКнын 2018-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жазып чыкты.
«Азыркы учурда КТРК – эӊ ири жана жападан жалгыз корпорация. Ошого карабастан, Кыргызстан санарипке өткөнү телеканалдардын ортосунда атаандаштык күчөдү. Атаандаштар – бери дегенде 50. Бир жагыбызда мамлекеттик бийлик, дагы бир жагыбызда коомчулук турат, теӊсалмакты сактоо кыйын болуп калды. Өз көрүүчүлөрүбүздү сактап калалы, телеканалды чындап эле мыйзамдагы статусуна шайкеш коомдук телеканалга айланталы деген ниетибиз бар, ал үчүн эл өкүлдөрүнүн колдоосуна муктажбыз», - деди Жыпар Жекшеев.
Белгилей кетсек, КТРКнын азыркы Байкоочу кеӊешинин курамы 2017-жылдын апрель айында Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланган. Байкоочу кеӊешинин курамы 15 мүчөдөн турат: 5 мүчөсү Президент, 5 мүчөсү Жогорку Кеӊеш, 5 мүчөсү жарандык коом тарабынан сунушталат. Байкоочу кеӊеш отчеттук мезгил аралыгында өзүнүн 12 жыйынын өткөргөн.
Баса, жыйындын жарыш сөзүндө ЖК депутаты Мирлан Жээнчороев менен Камчыбек Жолдошбаев айтыша кетти.
Камчыбек Жолдошбаев КТРКнын мурдагы директоруна сын-пикирин айтса, ага жооп катары депутат Мирлан Жээнчороев “ал жерде чыгармачыл адамдар олтурат. Бул жерде беш бармак менен Беш-Сарыны айтпай олтур” деп Камчыбек Жолдошбаевге таш ыргытты.
Бир нече убакыттан кийин эки депутаттын биринин курсагы, бирини башы жарылбаса болду. Дегенибиз Жогорку Кеңеште тез-тез “мушташ” болуп турат эмеспи...
Булак: NazarNews.kg