www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куттуу-Сайда 22 миллиард доллардык байлык жатат (толугу менен)

Бүгүнкү күнү кен байлыкты тескеген министрдин 2 орун басары тең жок. Илгери да өзүм билемдик болгон. Канадалыктар өкмөттөн “Куттуу-Сай” кенине лицензияны 2012-жылы сатып алганда бюджетке 300 сом эле төлөптүр. “Куттуу-Сайдын” акциясын көп өтпөй Торонтодогу биржада 410 миллион долларга сатылган. Куттуу-Сайда 22 миллиард доллардык байлык  жатса, кантип уялышпай 300 сомго лицензия беришкен? Мындай“Куттуу-Сай” сыяктуу сейрек кездешүүчү металлдардын кени дүйнөдө 4 эле жерде бар. Бул тармакта 96% Кытай монополист болуп алган. Бул металлдар“сотовый” телефондорду жасап чыгарууга пайдаланылат. Бизде, Кытайда, Японияда, Түштүк Кореяда жана Малайзияда гана бар.

Канадалыктар 117 миллион долларга айыпка жыкканы жатышкан

Куттуу-Сай кенине мыйзамсыз лицензия берилген. Мыйзамсыз берилген лицензияны 2 жумада жокко чыгарууну буюруп, парламент атайын чечим кабыл алган. Канадалык Stans Energy Corp компаниясы өкмөттү сотко бергени да бар. Анын астында канадалык компания Москванын Соода-өнөр жай палатасынын арбитраждык сотунда соттошолу деп кагаз жөнөтсө, биздин өкмөт ал сунушка макул болуп, кол коюп бериптир. А түгүл  Москвага барып, алар менен соттошо турган атайын топ түзүп коюшуптур. «Куттуу-Сай” кени Кыргызстанда болсо, келишим Кыргызстанда түзүлгөн болсо, анда эмне үчүн биз Москвага барып соттошубуз керек? Москванын бул жерде кандай тиешеси бар? Муну да жөн жасашкан жок, булардын бир кызыкчылыгы бар. Канадалыктар биздин өкмөттөн лицензияны 2012-жылы сатып алганда бюджетке 300 сом эле төлөптүр. Эми ал лицензияны Торонтодогу биржага 410 миллион долларга сатыкка коюшуптур. Андан сырткары бизди алар 117 миллион долларга айыпка жыкканы жатышат. Москвадагы арбитражга 117 миллион долларга доомат артса биздин өкмө сүйлөшөлү деп кол коюп бериптир. Бул да бекер болгон эмес. Булардын чогуу кызыкчылыктары болгон.

Эмне үчүн биз Москвага барып соттошубуз керек эле?

Канадалыктар арбитражга атайын Москвага берип жүрдү, анткени Москва биздин территория эмес. Лицензия биздин мыйзамдардын негизинде берилген, ошондуктан булл маселе да биздин мыйзамдардын негизинде, биздин соттордо каралышы керек эле. Ал кезде канадалыктар менен биздин өкмөттөгүлөр тил табышып, сүйлөшүп алышканбы?Жөн эле өкмөттүн токтомун жокко чыгарып коюшканда ушул болмок эмес. Бишкектен “Куттуу-Сайга” чейин 1 саат 20 мүнөттө эле жетсе болот. Ал жерге завод куруштун да кереги жок, баары бар. Жеткинче жол асфальттанган, электр жеткирилген, завод бар, 1,5 миллион тонна руда казылып алып келинген. Мындан бир топ жыл мурун Жогорку Кеңеш өкмөткө 2012-жылы мыйзамсыз берилген лицензияны жокко чыгарып, Куттуу-Сай кенине жаңы эл аралык конкурс уюштурууну тапшырган.

Миллиондорду тыйын ордуна теңебеген Дүйшөнбек Зилалиев

“Куттуу-Сай” сейрек кездешчү металлдардын кени Кемин районунун Ак-Түз айыл аймагында жайгашкан. 2011-жылы  Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнүн Геология жана минералдык ресурстар министри Учкун Ташбаев 2012-жылы сентябрда Бабановдун өкмөтү менен кошо отставкага кеткенден кийин "Куттуу-Сай" кенине канадалыктарга лицензия берип кол койгону үчүн кылмыш иши ачылып камалып келген. Учкун Ташбаев премьер-министрдин макулдугу жок кол койбойт эле.

2012-жылы Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнүн Геология жана минералдык ресурстар министри Ишембай Чунуев да "Куттуу-Сайдын" лицензиясын чакырып албай жүрүп, акырында тоо-кен тармагында аялына жазылган чоң бизнеси бар экени билингенден кийинки жаңжалдан соң отставкага кеткен.

2013-жылы июлда Ишимбай Чунуевдин ордуна президенттик аппаратта иштеген “полицей” Дүйшенбек Зилалиев дегенди өкмөткө Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин деректири кылып дайындашты. Бирок, так ушул президенттик аппараттан барган милиционер Дүйшөнбек Зилалиев Жогорку Кеңеш менен Генпрокуратура "Куттуу-Сайдын" лицензиясын чакырып ал деп чечим чыгарып беришсе да, көшөрүп чакырбай келген. Кийин Дүйшөнбек Зилалиев май каймактуужерлердин барына барып, “Лигласс” фирмасын таап келе койом деп, элге уят болгон. Вице-премьерге чейин жеткен Дүйшөнбек Зилалиев Сооронбай Жээнбеков президент болоор алдында  кызматынан кеткен.

2017-жылы 24-ноябрда президенттик инаугурация болуп жатканда экс-президент Атамбаев менен жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун машинасы кетип бараткан жерге“бомба” коюлган деп жок ызы-чууну баштаган. Кызмат ордуна келген Дүйшөнбек Зилалиев кызматын деле жарыткан жок. Анын үйүн текшергенде миллиондор тыйын өңдүү жатканына эл күбө болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости