www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кокон хандыгынан бери Шералынын чокоюн бекеринен мисал кылышпаса керек. Өткөн чагыбызды унутуу жарабас... Оппозиция лидерлигине Канатбек Исаевдин көрсөтүлүп атканы талкууга “жем” таштады. Күчтүү фигуранын артынан дайыма сөз ээрчийт эмеспи.

Өзгөчө фейк-троллдор жанданып, жеке жашоосуна чейин кийлигишип кетишкени, каралоо кампаниясы орун алганы өкүнүчтүү. Эмне үчүн? Себеби, мурдагы бийликтер да оппонентин жерден алып көргө чапкандай эле жамандашчу. Өзгөрүүсүз эски жоруктар кайталанып атканы кейитет.

А “Көкжалды” канчалык шыбашса да маани бербестиги, кабак-кашы бир калыпта экени белгилүү. Тескерисинче, маалыматтык чабуулга калганы менен аброю көтөрүлүп, эл ичинде кадыры артып баратат.

Андыктан, арыдан-бери болуу менен саясый таза күрөшкө көңүл бурбайлыбы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости