www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Президентинин Ысык-Көлдөгү мамлекеттик резиденциясында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын 4-консультативдик жолугушуусу аяктады.
Ага Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Кыргызстандын лидерлери Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов жана Садыр Жапаров катышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы достук, коңшулаштык жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу болду. Документ ЕАЭБдин чегинен тышкаркы аймак өлкөлөрүнүн жакындашуусун демилгелеши керек.
Региондун беш мамлекети талаштуу маселелерди макулдашуунун алкагында жана жалаң диалог жолу менен, анын ичинде зарыл болгон учурда өз ара аракеттенүүнүн тиешелүү механизмдерин түзүү жолу менен чечүүгө милдеттүү.
Тараптар ошондой эле эки жылдык мөөнөткө - 2022-2024-жылдарга келишимди ишке ашыруунун жол картасын бекитишти. Кийинки, 5-консультативдик жолугушуу Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 2023-жылдын жай айларында өтөт.
Булак: NazarNews.kg