www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-июлда Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы Борбор Азия лидерлеринин саммитинде сөз сүйлөдү. Анда Жапаров аймактагы коопсуздук тууралуу маселе көтөрүп, Ооганстандагы кырдалга токтолду.

"Ал жакта кырдаал татаал жана алдын ала болжоп айтууга болбой турат. Биздин оюбузча талибдердин бийликке келиши жана алар түзгөн өкмөт бул азыркы катаал реалдуулук. Мындан улам биз бул багытта биргелешкен жолду аныктап алышыбыз керек.

Ошол эле маалда коңшубуз Ооганстандын туруктуу өнүгүүгө бет алышына болгон аракетибизди жумшашыбыз керек. Биз ооган өкмөтү менен эки тараптуу кызматташуу жаатында байланышыбыз бар экенин белгилей кетейин.

Өткөн жылы биз ал жакка гуманитардык жардам жеткирдик. Ооган өкмөтүнүн жетекчилери менен аймактагы коопсуздукка байланыштуу бир катар жолугушууларды өткөрдүк", - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости