www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги профессор Каныбек Осмоналиев менен көзү тирүүсүндө эстелик тургузуп алды деп сынга кабылган Алиясбек Алымкулов  тууралуу сүйлөшүп, айрым суроолорго жооп алдык.

-Каныбек мырза, Алиясбек Алымкулов көзү тирүү кезинде эле эстелик тургузуп алды деп, аны  жосунсуз жорук баштагандай кабылдагандар арбын. Сиз кандай комментарий бересиз?

-Мен Алиясбекти эр жигит катары абдан сыйлайм. Чынчыл, ак ниет инсан! Бирок, эстеликтен баш тартса туура болмок экен! Оозуна алы жетпеген, акылы тайкы адамдарга Кудай берип эле калды. Жагымсыз адат болуп кетпесе экен деп турам!

-Алиясбек Алымкуловго чейин эле көзү тирүү кезинде эстелик тургузгандар болгонбу же артында баласы жоктор гана эстелик тургузганбы?

-Ооба! Айрыкча Сосветтер Союзунда 2 жолку баатырларга тирүү кезинде эле эстеликтер коюла баштаган. Ал туура эмес болгонун мезгил көрсөтпөдүбү. Идол катары сыйынуучулук балакети башталып кеткен. Натыйжада СССРдин өзүн ошондой акылынан айныгандар ала салдырып жиберишти. Ал жагымсыз көрүнүштү азыркы Кыргызстанда кайталабоо керек.

Бул болбогон адат! Андан көрө мектеп, бала-бакчаларга көмөк кылышсын. Кары-картаң, багар-көрөөрү жокторго материалдык жардам беришсин. Ошондо артында бала калбаса дагы түбөлүк аттары калаар эле!

Бирок, Алиясбек өзү эстелигин демилгеледи деген кээ бир аша чаап мазактагандарга кошулбаймын. Чынында акасакал Корчубек Акназаровдордун катарына кошуп эстелик коюу ашыкча болуп калыптыр!

Алиясбектин он гүлүнүн бири ачыла элек жигит. Ал кыргыз элине дагы көп кызмат кылат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости