www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги, экс- президенттин кол тийбестигин алуу маселеси жана Транспорт министринин жыйындан чыгарылышы, Бабанов менен Атамбаев тууралуу экс-депутат, профессор Каныбек Осмоналиев менен баарлаштык.
-Каныбек мырза, парламентте экс-президенттин кол тийбестигинен ажыратуу маселеси колдоо тапты. Эми аталган мыйзам кызматтан кеткен президентти каралап, куугунтукка алып, мурдагы иштери үчүн өч алууга кызмат кылып калбайбы?
-Мен өзү табиятыман эле кандайдыр бир адамдардын жалпы эле артыкчылыктарга ээ болуу саясатына каршымын. Бирок, өтө жооптуу кызматтарды аркалаган мамлекеттик ишмерлердин коопсуздугун камсыз кылуу милдетин өкмөт өзүнө алуусу керек. Эч кандай материалдык өзгөчөлүктөрдүн кереги жок. Демек, кол тийбестик дегенди коомго жат чара катары көрүү керек. Мыйзам алдында бардыгы бирдей. Менимче президент өзүнүн доорун сүрүп турганда ушул нерсени дайыма ойлоно жүрүшү абзел. Кечээ ЖК туура эле чечим кабыл алды. Одоно мыйзам бузуу болсо, жооп берсин. Куугунтук болушу мүмкүн. Бирок, эл бардыгын көрүп турат. Таза президент өзүн дайыма коргоп алат.
-Президент уяткарганча эле Транспорт министри моралдык жоопкерчилигин сезип, убактылуу болсо да кызматынан чегинип турса болот беле? Неге биздин чиновниктер жоопкерчиликти сезишпейт?
-Ооба! Бул "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" мыйзамда да жазылган. Министр жоопкерчиликти өзү алуусу тийиш! Мен жакшы түшүнбөй эле калдым. Эмне үчүн министр Коопсуздук Кеңешинин отурумуна уялбай барып отуруп алган? Бул эмне тоготпогондукпу, эркелегендикпи же биротоло эле көпкөндүкпү? Кечээ эле ЖКте катуу дооматтар айтылбады беле! Дароо жумуштан кетүү боюнча арыз жазуусу керек эле! Анан соттон териштирсе болмок. Мындай учурлар болгон. Мисалы, 2012-жылы Өмүрбек Бабанов биринчи вице-премьерлик кызматынан кетип, баары ачык акталгандан кийин келген. Эл туура түшүнүп колдогон. Азыркы министрлер эч нерсени тоготпой калышпадыбы! Президент токтоолук кылып, чыдап жүрүп, акыры, Кеңештин жыйынынан кууп чыкты. Демек, өлкө башчысын дагы ыңгайсыз абалга калтырды, өкмөт башчысы. Мындай кырдаал өзү жаралбашы керек эле. Президент коррупцияга каршы күрөштү күчөткөн сайын, анын министрлери кутура баштагандай таасир калтырат экен. Өкмөт өзү отставкага кетүүсү керек! Мындай жарым чара менен иш болбойт! Таза, иштеген, карапайым жүргөн жана иштерман кадрлар толтура жүрүшөт.
-Атамбаев неге кечээ сындап, кылмыш ишин козгогон Бабановго бүгүн жан тарта баштады?
-Бул Атамбаевдин адаттагы айлакерлик амалы болду. Өмүрбек Бабанов эми ал киши менен мамиле кылбайт! Андай мүмкүн эмес!!! Атамбаев ошондой эле амалды Адахан Мадумаровго дагы жылдырып көрдү. Бирок, Адахан мырза дароо эле анын сунушунан баш тарткан оюн ачык жана кескин айтып салды. Менимче Атамбаев президент Жээнбеков менен Бабановдун саясий биригишүүсү болуп кетээринен коркуп кетти. Кийинки учурларда Өмүрбек Бабанов жөнүндөгү оң пикирлер көбөйүп бара жатканы факт. Өзү ошондой эле болуу керек эле. Өмүрбек мырзанын үстүнөн жалган кылмыш ишин дал ошол Атамбаев президент кезинде козготкон. Кандай гана ыплас сөздөрду айтып, булганыч амалдарды колдонушпады. Ошол эле Исаковдун премьер-министр кезиндеги, 2017- жылдын күзүндө, президенттик шайлоонун алдында Чолпон-Ата шаарында элдер менен жолугушуудагы Бабановду каралап, Москвадан алынып келе жаткан ири суммадагы акчалар жөнүндөгү жалгандары эмне деген абийирсиздиктер эле. Эл мындай зомбулуктарды унута элек да. Дагы көптөгөн мыйзам бузуулары айтылат. Бабанов баарына чыдады. Акыры өмүрүнө коркунуч кире баштаганда өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Эми Өмүрбек мырза Кыргызстанга келип, өзүн актап алат. Мен буга ишенем. Президент Сооронбай Жээнбеков бул оор маселе боюнча өзүн абдан тыкан алып жүрдү. Бул жакшы жышаан! Экөөнүн саясий альянсынан Кыргызстан гана утат. Атамбаев жана кээ бир саясатчы болумуштар ошого ичтери күйүп кетип жатышат. Ар кандай кадамдарга барыштары мүмкүн!
-Айтканыңызга ынаналы, Атамбаев менен Бабанов тымызын биригип кетпейт деп ишенсек болобу?
-Андай ишке барууга эч кандай негиз жок. Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдында эң башкы атаандаштарга мүнөздүү болгон бир топ аракеттер менен бири-бирин сындашты. Дебаттарда курч пикирлерди жашырбай айтышты. Бул кадамдар президенттик шайлоонун белгилүү кубулуштары. Бүт дүйнө жүзүндө ушундай. Экөөнүн тандем түзүп экономиканы көтөрүп кетүү мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Бул элге керек! Колунан эч жаратмандык иш, элге пайдалуу ишкерлик келбеген кээ бир саясатчылар, айрыкча, эптеп бийликке жакындап алгандар коркуп жатышат. Ошондуктан алар, ошол эле Атамбаев баш болуп эки көрүнүктүү инсандарды кайраштыруунун амалына өтүп алышты. Элди аралап жүрөбүз, го! Азыр карапайым эл Жээнбеков менен Бабановдун чогуу иштеп кетишин өтө каалап жатышат. Трансулуттук бизнес саясаты кандай керек экендигин сезип турушат. Карыз кредит алып жүрүп эмне болдук? Аны мурунку президенттер карайлатып карапайым элдин мойнуна илип кетишпедиби?
Булак: NazarNews.kg