www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каптагаев “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланган кайрылуусунда өзүн барымтага алуу боюнча Садыр Жапаровдун катышын тастыктаган бир да күбө болбогонун жана эч кандай дооматы жок экенин билдирди.
Ал С.Жапаров Кенжебек Жумабаев аттуу адамдын көрсөтмөсүнүн негизинде абакка кесилгенин, кийин ал адам жалган көрсөтмө бергени боюнча видео кайрылуу жасаганын белгилеген. Мурдагы губернатор ошондой эле Жумабаев бул иш боюнча күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга соттолгонуна карабай эркиндикте жүргөнүнө көңүл бурган.
“Буга байланыштуу Садыр Жапаровго козголгон кылмыш ишин кайрадан карап, Кенжекбек Жумабаевдин ролу боюнча кошумча тергөө жүргүзүүнү суранам. Эгер ал чынында эле калп айтса, Садыр Жапаров акталышы керек. Ал эркиндикке чыгышы керек. Ал эми Кенжебек Жумабаевдин кадамдарына укуктук баа берилиши керек. Ал адамды барымтага алганы боюнча 8 жылдык мөөнөтүн өтөбөгөнүнө дагы бул иш боюнча кошумча жазага тартылышы керек”, - деген оюн билдирди Каптагаев.
Ошондой эле ал бул ишти тергеген тергөөчүлөрдүн жоопкерчилигин кароого чакырган.
Эгер бийлик, сот Каптагаевдин бул кайрылуусуна көңүл буруп, Садыр Жапаровдун ишин да кайрадан караса, ал акталып чыгарынан шек жок. Анткени, Текебаев сыяктуу Жапаров деле ошол учурдагы бийликтин, азыр абакта жаткан Атамбаевдин курмандыгы болгондугун баарыбыз жакшы билебиз, деп “Майдан. кg” гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg