www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш өз вазийпасын так аткаруудан биротоло алыстап, чектен чыккан кадамдарды гана жасап келатат. Ал эми Кыргыз Өкмөтү бир орунду айланып, анан акы таптап эле жүрөт. Желмогузга айланышкан жемкорлор менен аеосуз күрөштө Президент Сооронбай Жээнбековдун жалгыздыгы даана байкалат. Ушул жана башка олуттуу суроолордун тегерегинде мамлекеттик жана коомдук ишмер Жаңыбай Асранов менен "Майдан.kg" гезити маек курган.
--Жаңыбай мырза, соңку мезгилде саясат айдыңынан таптакыр эле көрүнбөй калдыңыз го? Эмнеге?
--Жалпыга маалым, 2005-2008-жылдарда Ош облусунун Кара-Кулжа, 2008-2010-жылдарда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондорунун акиминин кызматтарын абдан абийирдүү аркаладым. Эң башкысы: артымдан бир дагы жаман кеп ээрчиткен жокмун. Эки өрөөндүн элинин жамандык-жакшылыгына азыркыга дейре үзбөй катышып келатам.
2010-жылдан кийин курулуш тармагына биротоло ыктадым. Саясат айдыңынан таптакыр көрүнбөй калганым дагы дал ошондон. Анткени, менин эң негизги кесибим - инженер-куруучу. Дал ошол себептен улам Ош жана Бишкек шаарларында курулуш иштерин жандандыруу, ошондой эле ыраттуу түрдө жүргүзүү менен гана катуу алекмин.
--Ошентсе деле, дагыле саясаттан тыш эмессиз да. Президент Сооронбай Жээнбековдун ушул таптагы жемкорлукка каршы аеосуз күрөшүн кубаттайсызбы?
--Ананчы! Бирок, жемкорлор менен үзгүлтүксүз күрөшүү оңой бекен? Албетте, өтө эле катаал жана абдан татаал! Муну үчүн, биринчиден, бекем эрк керек! Экинчиден, жемкорлукту айныксыз ашкерелөө - өтө узак мөөнөттү жана бышык нервди талап кылган жараян. Үчүнчүдөн, Президент Сооронбай Шарипович өзүнүн, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнүн алтындай өмүрүн тобокелчиликке салып, жемкорлукка каршы күрөштүн башында дагыле бекем турат. Танып не. Мындай эрдик ар кимдин эле колунан келе бербейт!
--Сооронбай Жээнбеков өзүн президенттикке абдан катуу сүрөгөн жана тактыга бекем олтургузган кан досу - экс Президент Алмазбек Атамбаевди каматышына деги кандайча карайсыз?
--Мында, биринчиден, мыйзам дегеле бузалган жок! Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан толук кандуу ажыратты. Бул чечимди парламентте көпчүлүктү түзгөн Атамбаевдин өзүнүн партиясынан - КСДПдан шайланышкан депуттар деле кубатташпадыбы. Экинчиден, Кыргызстандагы бийликтин бардык бутактарынын тегиз жемкорлукка белчесинен батышына Алмазбек Шаршеновичтин жеке күнөөсү ат көтөргүс!
Үчүнчүдөн, Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү ушул күнгө дейре кыйратып иш жасаган жок. Андыктан, буларды токтоосуз таратып, Элдик Ишенимдеги Каолициялык Өкмөт куроо абзел! Мунсуз азыркы туташ кризистен эзели башыбыз арылбайт!
--Баса, Президенттик башкарууга гана өтүү, премьер-мннистрдин вазийпасын дагы ага бекем жүктөө демилгесине кошуласызбы?
--Мен башынан эле президенттик башкаруунун өтө катуу тарапкеримин. Алты миллион эле калкы бар кичинекей өлкөгө премьер-министрдин, анан дагы шагыраган Өкмөт мүчөлөрүнүн дегеле кереги жок! Маселен, Австрияда жеке менчик башкаруусу 85, ал эми мамлекеттик башкаруу 15 пайызды түзөт. Ошону үчүн өлкө ыкчам өнүгүп, дүйнөлүк сапта эң алдыңкы катарда баратпайбы. А биздечи? Чочоңдогон чоңдор көп. А иштегендер дээрлик аз. Ага жараша атааандаштык таптакыр жок! Анан кантип өнүгүп-өсөбүз, эй?
Анан дагы эң кейиштүүсү: кичинекей Кыргызстанда жемкорлор толтура. Байкагандырсыздар, бул апаат менен президент Сооронбай Жээнбеков өзү жалгыз эле күрөшүп келатат. Кыргызстандагы жарандык коон деген каякта? Коңулда бугуп, ар кимди аңдып эле жатышат...
--Жаңыбай мырза, биз билгенден Сиз көп жылдар бою жалаң жетекчилик кызматтарды гана аркаладыңыз. Дегеле Кыргызстандын болочогун эмнеден көрөсүз?
--Айланайындар! Улуу улут, түптүү журтпуз! Идеологияны тээ алыстан издеп каякка барабыз? Баары мобул "Манас" эпосунда даана айтылган. Ошол осуяттарды эле ыраттуу жана жана толук түрдө аткарсак, руханий дагы, экономикалык дагы, иши кылып бүгүнкү туташ кризистен тез эле кутулабыз. Буга анчалык чоң акылдын деле кереги жок! Анан олчойгон деле каражат талап кылынбайт!, деген Жаңыбай Асранов "Майдан.kg" гезитине берген маегинде.
Булак: NazarNews.kg