www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жин деген ааламдын бар экени чындык деген жин чыгаруучу Сулайман Кочкорбаев өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу кара дуба тууралуу өз ою менен бөлүшкөн. Кочкорбаевдин пикирин окурмандарга сунуштайбыз.
Кара дуба кандай жол менен жасалат?
Бакшы, көзү ачыктар, төлгөчүлөр дейбизби, айтоор, ошолордун колу менен жана жиндердин жардамында жасалган нерсе сыйкыр же кара дуба деп саналат.
Сыйкыр сөзүнүн аныктамасын айта кетсем, ал төмөнкүчө:
Көзү ачык жана жиндердин ортосундагы өз ара келишимдери.
Көзү ачыктар жөн эле бирдемелерди окуп койсо эле кара дуба болуп калбайт.
Көзү ачык кара дубасын жасашы үчүн жиндер менен келишим түзүүгө мажбур.
Ошол келишимдин түзүлүшү үчүн жиндердин талаптарын аткарууга да аргасыз.
Келишимге ылайык, жиндер үчүн көзү ачык күнөөсү эң оор саналган ширк жана арам иштерди аткарат, мунун натыйжасында (альтернативасында) жин сыйкырчынын буюртмасында жардам берет. Сыйкырчынын каапыр болушу да мына ушул жерден далилденет.
Көзү ачык жиндердин талаптарын канчалык деңгээлде так жана толук аткарса, жиндер ага ошончолук моюн сунат жана көзү ачыктын буйрутмаларын жакшы аткарат. Көзү ачык болсо күчтүү көзү ачыкка айланат.
Эми жиндердин көзү ачыкка койгон талаптарын кыскача баяндап берейин:
1. Куран аяттары жазылган баракты таманына жабыштырып алып ажат чыгарчу жайга кирүү.
2. Куран аяттарын нажас (ыпылас) нерселер менен жазуу.
3. Хайз каны менен (Менструальная кровь) менен куран аяттарын жазуу.
4. Дааратсыз намаз окуу.
5. Кырк күнгө чейин жүнүб абалда жүрүү.
6. Алланын атын атабай курмандык чалуу жана аны жиндер айткан жерге алып баруу.
7. Жаратылган нерселерге сажда кылуу. Маселен таштарга, тоолорго, жылдыздарга.
8. Махрамдары менен жыныстык катнашуу. Маселен апасы, атасы же эже-карындашы менен.
Булак: NazarNews.kg