www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ноокаттагы “Абшыр-Ата” турбазасынын жарактан чыгып калгандан кийинки жери, “Спартак” стадиону жана Ананьеводогу турбаза жеке менчикке сатылып кеткен. Мындай маалымат парламенттин 2-сентябрдагы пленардык жыйынында айтылды.
Тагыраагы, бул маалыматты депутаттардын суроолоруна жооп берип жатышкан тармактык профсоюздардын жетекчилери айтып беришти. Ошол эле учурда, мурда профсоюз федерациясына таандык болгон айрым мекеме, ишканалардын акцияларына бүгүнкү күнү жеке тараптар дагы ээлик кыларын билдиришти.
Алсак, “Достук” мейманканасы бүгүнкү күндө акционердик коом болуп эсептелет. Анын 54 пайыз акциясына Кыргызстандын профсоздук федерациясы ээлик кылса, Москвадагы жалпы профсоюздук конфедерациясына 4 пайызы жана калган 42 пайызы 1990-жылдардагы менчиктештирүүдө физикалык жактарга өтүп кеткен.
Ал эми Бишкектин үстү жагында жайгашкан, билим берүү жана илим федерациясынын менчигиндеги “Кызыл гвоздика” пионер лагери сатылган. Бирок анын ордуна Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде балдар эс ала турган башка жай курулуп жатканы айтылат.
Эске сала кетсек, парламентте бүгүн, 2-сентябрда «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда талкууланып, анда түшүнүксүз жагдайлар орун алууда. Демилгечилер профсоюздун иши ачык айкын болуусун камсыздай турган мыйзам долбоор экенин билдиришсе, тармактык профсоюздардын жетекчилери мында кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар экенин айтып коңгуроо кагышууда.
Булак: NazarNews.kg