www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик каттоо кызматынын Электрондук кызмат көрсөтүү порталында (www.portal.srs.kg) «Carcheck» сервиси ишке кирди. Аны транспорт каражаты тууралуу бардык маалыматты билүү үчүн колдонсо болот. Сервисти «Инфоком» ишканасы иштеп чыккан. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, «Carcheck» аркылуу автоунаа күрөөдө же камакта эмеспи, жол эрежеси бузулганы үчүн төлөнбөгөн айып пулдар барбы же жокпу, буга чейинки ээлери ким болчу, техникалык мүнөздөмөлөрү кандай деген сыяктуу суроолорго жооп алса болот.
Унаа тууралуу маалымат алуу үчүн portal.srs.kg порталынын «Транспорт» деген бөлүгүнө кирип, автонун номерин гана жазуу керек. Колдонуу кызматы акысыз. Сервисти Megapay мобилдик тиркемеси аркылуу дагы колдонсо болот.
Долбоор пилоттук негизде ачылган, 2019-жылдын 1-октябрынан 2020-жылдын 1-апрелине чейин иштейт.
Булак: NazarNews.kg