www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 28-август күнү Жалал-Абад шаарынын 1983-ж.т. тургуну Э.Зияйдинов арыз менен кайрылган. Себеби ошол эле күнү болжол менен саат 11:30 чамасында Жалал-Абад шаардык мэриясынын 3-кабатындагы жумуш бөлмөсүндөгү капчыгын, анын ичинде 100 (жүз) АКШ доллары, 5550 (беш миң беш жүз элүү) сом, 1 (бир) даана «Оптима банк» карточкасы жана ID жарандык паспортун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Бул арыздын негизинде окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолуп, Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне “Уурдоо” фактысы менен катталып, КРнын КЖКнин 200-бер. 1-бөл. негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Берилген тергөө тапшырмасынын негизинде Жалал-Абад ШИИБнин КМКнын опер кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 2019-жылдын 2-октябрь күнү Жалал-Абад шаарынын 2003-ж.т. Т.О. аттуу тургуну шектүү катары кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Кылмыш иши боюнча учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg