www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орозбек Нусувалиев жөнүндө кеп сала турган болсок, анын өмүр баяны абдан көркөмдүү, башынан кандай кана “азап-тозокторду” өткөргөн жок “Мүлк” мамлекеттик ишканасынын башчысы болуп келгенче. 2010 жылга чейинки карьерасын баяндабай эле туралы, бери жагын эле айтсак, ал киши энергетикалык бажыдан, 2010 – жылы шап КСДПын талапкерлеринин тизмесине секирген 100 миң доллар берип, Атамбаев аны тизмеден көрүп алып, так секириптир бул кишиден кийин баш оору көп болот, киргизбегиле тизмеге дегенге карабай, аны акыры түрткүлөп жатып тизмеге киргизишиптир. Убада кылган 150 миң доллардын ордуна 100 миңди берген 38 номурдагы Нусувалиев мандат ала албай калып кийинчирээк чыр салып “демократия” үчүн Ак үйдүн алдында митинг өткөргөн, ал жерге анын колдоочуларынын бири Тайырбек Сарпашев чуркап чыгып, “ызы-чуу салбай тур, жакшы кызмат таап беребиз”, дептир. Чын эле көп убакыт өтпөй эле, Орозбек Нусувалиев “СЭЗ Бишкек” ишканасына башчы болуп дайындалып барыптыр.

“Орозбек Нусувалиевдин доорундагы” “СЭЗ Бишкек” бул өзгөчө тема. эсиңерге салсак ал башкарып турган кезде, Бишкек эркин экономикалык зонасында жүздөгөн жумушчулардын кыскартуулары болгон, 137 кишиден (!) ага карата доо-арыз түшкөн, алардын ичинен күзөтчүлөрдөн, бечараларды өзүнүн фирмасынын курулушуна дагы бекер иштечү экен. Андан тышкары, ага карата Башкы прокуратура “Хан-Пласт” ЖЧКын мүдүрү Магомед Шавкиевдин арызы боюнча кылмыш ишин козгогон, себиби 1995 жылкы эски Мерседес унаасын жаңы Тойота Лэндкрузер 200 алмаш дептир, орустар айткандай – “наглость второе счастье”, акыры бул иш жым-жым болуп токтоптур. Бирок булар майда-чүйдөсү эле, чоңураагы Орозбек Нусувалиевдин чабалдыгынан, Түштүк Кореялык чоң ишкерден жер тартып алам деп адыраңдагандан кийин, Кыргызстан тарап Эл аралык арбитраждык соттон ага утулуп эми 23 млн. долларды казндан төлөп жатат.

Андан башка деле бул кишинин кылыктары толтура экен, дала-далай ишкерлер “беспредел” кылып жатат деп расмий кайрылууларды кылышкан. Акыры ал “СЭЗ Бишкек” ишканасынан кетип, “Учкун” ишканасына секирик жасады. Ал жерде кандай иштегенин жазбай эле туралы, өзү айтсын, тагыраак айтканда мактансын, пиарды жакшы көрөт эмеспи, кыскасы “Учкун” деле агарып-көгөрүп кеткен жок, баягыдай эле баардыгы. “Учкундан” кийин жакында түзүлгөн “Мүлк” мамлекеттик мекемесине Ген.директор барды. “Мүлк” жөнүндө айтпай койбосо болбос, себеби бул ишкана жөн ишкана эмес. Ал жалаң бийликке каяша айткандардын тартып алынган оокаттарын башкарган ишкана, башкача айтканда – алма бышып шап этип оозго бекер түшүп калган байлыктарды башкара турган “алтын мекеме”. Анан мындай жерге көчөдөгү 3 кызыл диплому бар киши бармак беле? Ал жерге жогору жакты дагы жыргаткан, өзүн дагы ойлой билген, баарын тынчытканы билген киши барат да.

Мына, кечээ-жакында, чыркыратып туруп, соттун чечими жок “Мүлк” колтойгон 2 имаратты көз көрүнө эле чак түштө басып алды. “Сапат бизнес борбору”, “Караван СБ” ээлери Түлеевдер эч нерсе кыла алган жок, кыйкырган бойдон эле кала беришти. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, керек болсо ошол Каравандагы майда-чүйдө идиш-аягы, кагаздарынан бери басып жатып алышыптыр Мүлкчүлөр.

Кыскасы, колго түшкөн Караванды эми тиги тажрыйбалуу киши “эптейт” экен деп угуп жатабыз, мыйзамдуу кылымыш этип, бир нерсени чампалап акыры башка бирөөлөргө өткөрөт имиш. Жогору жактагы Манас Арабаев деген кишинин көзөмөлүндө турган Түлеевдердин иши, анын ичиндеги мүлктөрү өз алдынча тымызын эбак эле чечилиптир. Жыйынтыктап айтсак, көздөрү кызаргандардын Түлеевдердин оокатын тартып алуу операциясын Орозбек Нусувалиев жана Манас Арабаев аркылуу ийгиликтүү бүтүрүптүр.

Булак: "Искра"

Последние новости