www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Так ушул таптарда соцтармактардагы Жогорку Кеңештин жазган каты талкуу болуп калк арасында каттуу талкуу жаратууда. Тилекке каршы бир беткей каралоо Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго айтылып, кат жазган “кызбы” же “эркекпи” жашыруун сыр боюнча калууда.
Ачуу чындыкты айтканда акыркы жылдары Ак үйдүн жана барктуу мамлекеттик мекемелердеги кызматка жакын туугандары, эң жакын тааныштары же болбосо “төшөктөштөрүн” же сулуу кыздарды кызматка алуу өтө өөрчүп кеткендегине байланыштуу мамлекеттке жана аттуу-баштуулардын өздөрүнүн башына таш болуп тийип жатканын ачык-айкын көрүнүш.
Албетте, кыргызда макал бар, “үйүңдөн үрүп чыккан итиң, жүгүрүп чыккан келиниң өңдүү болсун” , деген. Бирок мамлекеттик “кызматка калемден каш койгон, кабактан баш” койгон сулуу кыздардын кереги барбы? Мындай одоно каталар,чет өлкөлөргө кеткен. Алсак так ушундай эле одоно ката 2010-жылдан кийин Грузияга кеткенин жашыруун сыр боюнча калган.
Андыктан, шылдыңдан шылдыңга калган төрага Дастан Жумабековго “кат” жазып бергенби, “баш” жазып бергенби айтор ошол “инсанды” ачыкка чыгарбаса, демек ошол бир аткаминердин жакын адамы же “көңүлдөшү” ...
Кана күтө туралы!
Баса, журналист Бакай Абдымалик да, төрага тууралуу калыс пикирин айтты, ал “Жогорку Кеңештин ката менен жазылган каты чындыгында одоно иш болду. Аны моюнга алыш керек. Бирок, байкасам ыңгайы келсе да, келбесе да, бул үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду сабатсыз адам катары көрсөткүсү келгендер да бар экен. Балким, мындай ойду мамлекеттик кызматта иштебеген адамдар айтып жаткандыр. Болбосо, төрага эч убакта өзү отуруп алып кат жазбайт да. Аны тийиштүү бөлүмдөр даярдап берет. Андыктан ошол жазылган катка бир жолу үңүлүп койбогон бөлүм башчы, аппарат жетекчи, жардамчы, кеңешчилер бир “кызарып “ койсо ашыкча болбос эле”, деген пикирин билдирди.
Сөздө жан бар...
Булак: NazarNews.kg