www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бифенил адамдын саламаттыгы үчүн өтө кооптуу зат деп айтылганына карабай, айрым өндүрүүчүлөр аны буюм-тайымды жасоодо кошуп жиберет.
Тиричилик буюмдарынын курамындагы айрым химиялык заттар эркекти тукумсуздукка алып келерин Medical Xpress журналына шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.
Мындай чечимге келүү үчүн Ноттингем университетинин окумуштуулары иликтөө жүргүзгөн.
"Кийим-кечек, электр жабдуулардын зымдары, килем жана оюнчуктун курамында кездешчү диоктилфталат, бифенил сыяктуу химиялык заттар эркектин бел суусуна терс таасир этет. Мунун аркасынан тукумсуздук дагы пайда болушу ыктымал", — деп жазылат макалада.
Адистердин айтымында, бифенил адамдын саламаттыгы үчүн өтө кооптуу зат деп айтылганына карабай, айрым өндүрүүчүлөр аны буюм-тайымды жасоодо кошуп жиберет.
Булак: "sputnik.kg"