www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Жибек Жолы" чек ара көзөмөл өткөрмө бекетинде 178 тажикстандык мигрант турат. Алардын 50дөн ашууну казак сотунун чечими менен депортация болгон. Айрым мигранттар “Озодиге” үч күн ичинде Казакстан аймагынан чыгып кетүүнү талап кылган сот чечиминин көчүрмөсүн жиберишкен. Алардын айтымында, чечим аткарылбаса, жоопкерчиликке тартылышат.
Буга чейин казак бийлиги пандемия маалында – 10-июлга чейин өлкөдө жүрүү мөөнөтү бүткөн чет өлкөлүктөр депортацияланбай турганын маалымдаган.
Тажикстандын Казакстандагы элчилиги аларга эч ким жардам сурап кайрылбаганын кабарлады.
Дипломатиялык өкүлчүлүк пандемия маалында Казакстанда бир дагы тажикстандык жаран кармалбаганын кошумчалады. Элчилик мөөнөтү аяктаган мигранттар казак-өзбек чек аралары ачылганга чейин Казакстанда жүрө алышарын айтты.
Ай башында Тажикстан казак-өзбек чек арасынан өтө албай турган 237 жаранын алып чыгып кеткен.
Булак: NazarNews.kg