www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда сел каптап, адамдар көз жумду

Кытайдын түштүгүндөгү суу ташкыны жүз миңдеген адамдардын үйлөрүнөн кетүүсүнө жана ондогон кишилердин өлүмүнө себеп болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Кечээ, 11-июнда Кытайдын кризистик башкаруу министрлиги каттуу суу ташкынынан улам 230 миңден ашуун адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушканын жана 1300дөй үй талкаланганын маалымдады.

Ага кошумча, суу ташкынынан Кытайдын экономикасына түздөн-түз 550 миллион доллар зыян келтирилген.

Хунань провинциясында суу ташкынынан кеминде 13 адам курман болгон жана Гуйчжоу провинциясында дагы сегиз адам набыт болгон же дайынсыз. Ошондой эле Түштүк Кытайда жайгашкан Гуанси-Чжуан автономдуу аймагында дагы алты адам каза болуп, бирөө дайынсыз жоголгон.

Белгилей кетсек, ушул айдын башынан бери нөшөрлөп жааган жамгыр Кытайдагы 110 дарыяда суунун деңгээлин көтөрүп, кооптуу абалга алып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости