www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргызстанда жоголуп кеткен жейренди кайрадан калыбына келтирүүнү, көбөйтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында аталган агенттиктин директору Мирслав Аманкулов Ысык-Көлдүн Орто-Токой суу сактагычынын чөлдүү түштүк-батыш жеринде болду. Бул аймакка жакынкы убакта жоголуп кеткен жейренди калыбына келтирүү, анын санын көбөйтүү максатында 50 баш жейренди кое берүү болжолдонууда.

«Бул аймак жейрендин байырлашына, алардын санынын көбөйүшүнө ыңгайлуу аймак. Жапайы жаныбарлардын суу ичүүсүнө мындан алыс эмес жерде Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан. Анын үстүнө мында 30-70-жылдары жейрен байырлап келген”,-дейт Аманкулов.

Учурда кыргыз-казак эки тараптуу кол коюлган протоколдун алкагында, Казакстандан Кыргызстанга кайтарымсыз 50 баш жейренди алып келүү маселеси каралууда. Казакстандан алынып келинген жейрендер Ысык-Көлдүн Орто-Токой суу сактагычынын чөлдүү түштүк-батыш аймагына кое берилмекчи.

Жейрен өтө сак, көздөрү курч жана өтө тез жүрүүчү жаныбар болуп эсептелет. Эртең менен жана кечинде гана оттошот. Эркектери 2-5 ургаачылары менен топ түзүп, башкаларды жолотпойт. Жейрен 5,5-6 айга жакын көтөрүп апрель айынын аягынан тартып июль айынын башына чейин төлдөй башташат. Жейрен көбүнчө эгизден төлдөшөт. 3-4 төн төлдөгөндөр чанда гана кездешет. Жейрен туулган баласын 3 айга чейин эмизиет. Ал эми кечирээк төлдөгөндөр болсо күзгө чейин эмизишет. Жейрендер көбүнчө мүйүзсүз келет. Анын эркектерин ургаачысынан мүйүзүнөн гана айрымалоого мүмкүн. Жейрен тамакты тандабай жеген жаныбар. Үй жаныбарлары жебеген өсүмдүк, чөптөрдү жей беришет.

Жейрендин өзгөчөлүгү узакка чейин суу ичпей жүрө алгандыгында жана алардын туздуу сууну иче бергендиктеринде. Алар көбүнчө Иран, Афганистан, Пакистана, Монголия, Кытай, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн чөлдүү, жарым чөлдүү аймактарында байырлашат.

Жейрен Кыргызстандын Кызыл китебине кирген. Жейренге мыйзамсыз аңчылык кылгандар үчүн 1 млн. сом өлчөмүндө айып пул каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости