www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 24-февраль күнү саат 17.30 чамасында, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын 1979-ж.т. А.Я. аттуу тургунун, үйүнөн 3 бейтааныш азиат улутундагы жашы 25-35 жаштардагы балдар чакырып чыгышып, эч бир себепсиз уруп, тепкилешип денесине жараат келтиришкен.

Аталган факты Ноокен РИИБнин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 266-бер. 2-б. 1-п. менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында бул кылмышты жасаган, Ноокен районунун тургундары 1988-ж.т. С.А., 1995-ж.т. К.Э. жана 1997-ж.т. О.Ж. экендиктери аныкталган.

2019-жылдын 5-мартында кылмышка шектүү С.А. жана О.Ж. кармалышып, ошол эле айда соттун кароосуна жиберилген. Ал эми К.Э. жүргөн жерин жашырып, тергөөгө камсыз болбогондугуна байланыштуу ага карата издөө иши жарыяланган.

Ноокен РИИБнин криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында, 2017-жылдан бери КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган К.Э. жашынып жүргөн жеринен кармалып, РИИБдин УКИна киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча толук тергөө амалдары жүргүзүлүп, соттун кароосуна жиберилген, деп Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости