www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын башкаруу системасындагы эң жаман адат - бул өзүнүн бийлигин "жараткандан берген ырыскы, кут түштү" дегендей түшүнүктө калыптантып, айланасына ач, "ат минбеген минип өлтүрөт" деген бир ууч топ топтолуп, эл ишенимин жеке керт баштарына пайдаланышканында турууда. Кызыкчылыктары, кызарган жерди кыйгап өтпөй жеп, талап, жонуп жок кылмай.

Биз ошентип кантип өнүгөт элек?

Бийликке келген ар бир президент, өкмөт, ЖК төрагасы өзүлөрүнүн бийлик доорундагы убакытты, өлкөдө болуп көрбөгөндөй өзгөрүүнү кылып жаткандай түр көрсөтүү үчүн гана курулай жандалбас урганында болуп калды. Чет элден эпсиз карыз алып, кайтарымы канчалык азаптарга салаарын билсе да, калк көзүнө кадырлуу көрүнгүлөрү келип, экономиканы көтөрүүгө эмес, аларды ар ким алкаш үчүн, оппозиция оозун басыш үчүн, араң жан турган экономиканын абалын карабай, казынанын тартыштыгы 15 млрд сомдон кем эмес абалда бекип жатса да, айлык акыларды көтөрүп, үй куруп бермиш этип, шайлоонун эле шайтан оюндарына пайдаланып келишүүдө.

Алар албетте жакшы. Бирок, экономикалык пландар, пайда көрүү дегендер кайда калды? Биз эртең эмне менен жан сактайбыз, ким акча берет (?), кайсыл булактар бизди багат (?) деген ойлордо эч ойлонбойбуз. Же карыз алып, жерибизди текейге чукутуп, уулуу зат көмдүрүп жата беребизби?

Мамлекеттик ыксыз чыгым болгон той-топурларды токтотуп койбосо да, азайтууга аракет да көргөн жок. Алардын 5 жылдык миссиясы, даярга тап берип, асмандан түшө калгандай карыз акчалар менен калк көзүн будамайлоо менен өтүүдө. Өндүрүш, кайра иштетүү, туризм, айыл чарба, мал чарбасы дегендерде жылдан жылгы салыштырмалуу өсүүлөр болбой, курулай отчеттор берилүүдө. Макул, алар айткандай "өткөн жылга салыштырмалуу өсүш баланча %ыз" болуптур, анда казына тартыштыгы кара балакетиңерге 19 млрд. сом менен бекип, жылына тышкы карыз болуп көрбөгөндөй жогорку чекке жетип жатабы? Келген ар бир Президент, өндүрүштү, экономикалык мыкты секириктерди, тобокел амбициялуу өнүгүүнүн программаларындагы аракеттерди эмес, а тек саясий коомдук карама-каршылыктардын жаралып кетпесине болгон жандалбастар менен алек. Кылмышы көптөр, кала берсе эчтеке кылбагандар гана ошентет. Алдайт. Актанышат. Кала берсе, карганышат. Баары халтура. Бийлигин сактап калуунун гана камында жүрүшөт. Эптеп, бийлигинен баар таап, буйруганын бөктөрүп кетсе болду. Аны милдетиндей көрөт.

Менимче, жаңыдан өнүгүүгө бет алган, өндүрүшү жок, казынасы тартыш Кыргызстандын бийлигине келген ар бир жетекчи, тайгандай арыктап чыгышы керек эле, эгер чындап иштеп жатышса. Жок, биздики байып, курсак байлап чыгышат. Бул факты. Демек, элге, өлкөгө иштеген кишилер аз.

Биз үчүн бийлик-бизнес центр эле болуп калды. "Бат баюунун башаты бийликке жетүү"- деп түшүнө баштады, көптөр. Бул өтө опурталдуу түшүнүк. Кала берсе ал, коомдук көз карашты да бузуп, адал эмгекти, мээнетти четке сүрө баштады.

Бийлик- бул бир эле эл башкарууда турбайт. Бир өлкөнүн элинин абийирин, суверендүүлүгүн, экономикасын, чек арасын, тилин, маданиятын, тарыхын бөлөк элдерден сактоодо, коргоодо, өркүндөтүүдө ар намыстуулук менен арттырууда турат. Биз буларды сактоодо бир тобунан аксадык. Бийлик деп бир килтейген союлду колго алып, өз элибизди каалагандай эзип, салыгын салып, эл ырыскыларына каалагандай колду малып, элибиздин тентитип, экономиканы болсо миграциянын акчалары деп түшүнгөн деңгээлге жеттик. Чек арабызды айтпай эле коелу. Карызыбыз чекке жетти. Дүйнөдө карыз алууда чектен өтүп, өз суверендүүлүгүн жоготуп коюу коркунучу бар өлкөлөрдүн ичине кирдик. Камырап койгон киши жок.

Кыязы, "кыйындарыбыз" кара таман элди коркутуп: "карызды мен алып, короомду кармап, жериме айдап, бутумду майлап алган эмесин" дегени турса керек... Айтор, кыйын күндөргө кептелип бара жатабыз. Мындай таамай пикирин журналист Күнболот Момоконов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости