www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев мындан эки-үч күн мурун өз каалоосу менен бул кызматтан кеткен. Ага ал коомдук каналды атына-затын жараштыра албай койгондугу менен түшүндүргөн. Демек, орун бош.

Байкоочу кеңеште жалпысынан 15 мүчө бар. “Свято место пусто не бывает” – деп океңдер айткандай ал орун көпкө чейин сары майдай сакталып тура бербейт. Алардын 5 мүчөсүн президент, 5 мүчөсүн парламент, анан калганын жарандык коом сунуштайт. Алдыңкы экөөнү документалдуу түрдө кимиси ким экенин аныктай тура алган болсок, жарандык коомго кимиси кирип, кимиси чыкканын түшүнбөйсүң. Кайсынысы эчки, кайсынысы теке, кайсынысы ирик, кайсынысы жилик экендигин ким аныктайт билбейсиң. Баш катырма өзүнчө эле. Анысы дагы мейли...

Эми Жекшеевден бошогон “святой” орунга ким отурат? Ошонусу кызык болууда. Айрым такталбаган маалыматтар боюнча ал орунга Асылбек Жээнбековдун “кудачасы”, өзгөчө чач жасалгалоонун ээси, акырын сөөмөйүң менен "чукулап" койсоң ыйлап жиберчүдөй элес калтырган Атыргүл Сарыбаева тапталып жатат деп эшиттик. Мунун канчалык чындыгы бар аны аз убакыттан кийин көрө жатарбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости