www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясы шаардыктарга күзгү көчөт отургузуу боюнча бир катар кеңештерди берди.
Муниципалитеттен белгилешкендей, күз - отургузуу үчүн абдан ыңгайлуу мезгил, анткени өсүмдүктөр жаан-чачындуу күз мезгилинде жакшы кабыл алынат.
Мындан тышкары, күзүндө отургузуу мезгили жазга караганда бир топ узак жана күзүндө бардык бак-дарактарды жана бадалдарды отургузууга болот.
Бирок, бир нече жөнөкөй эрежелерди сактоо зарыл:
Биринчи кам көрүү: Отургузулгандан кийин топурактын нымдуулугун көзөмөлдөө керек. Биринчи айда жаш даракты 10 күндө 2-3 чака менен сугарып туруу максатка ылайык.
Күзгү көчөттү октябрь айынын ортосунан ноябрдын аягына чейин отургузууга болот.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын муниципалдык аймагында «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы менен макулдашуудан кийин өз көчөттөрдү отургузууга болот.
Булак: NazarNews.kg