www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте "Советтик эстраданын ырлары" аттуу концерт болот. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Иш-чара 18-октябрда саат 18:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын чоң залында өтөт.

"Башкы дирижёр Урмат Тентимишовдун жетекчилиги астында Бишкек шаардык мэриясынын чоң симфониялык оркестри концерт берет. Казакстандан да коноктор чакырылган. Алар Алматы менен Астананын эстрадалык-симфониялык оркестринин дирижёру Жанат Абылкасымов жана Ербол Мамырбаев", — деп айтылат билдирүүдө.

Концертте Александра Пахмутова, Муслим Магомаев, Арно Бабаджанян, Александр Зацепин жана башка совет доорунун атактуу композиторлору жазган хит ырлар жаңырмакчы.

Ырларды Чолпон Алсеитова, Айжан Нусувалиева, Игорь Воронцов, Миран Жанарбаев, Айбек Саралаев жана башкалар аткарышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости