www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кеминде 3 унаанын кагышуусунан 6 адам каза болгон. Маркумдардын жана айыпталуучулардын аты-жөнү маалымат булактарга жарыяланып чыкты. 

Айыпталуучу Акыл (аты өзгөртүлдү, С.А.У.) 1989-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Никеси жок, жогорку билимдүү, убактылуу иштебейт. Мурун соттолгон эмес. Ага Кылмыш-жаза кодексинин (эски ред.) 281-беренесинин 2-3-бөлүмдөрү (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Акыл 2017-жылы 13-апрелде болжол менен саат 18:23дө «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаа менен Бишкек—Торугарт жолунун 97-чакырымында чыгыштан батышты карай бара жаткан. Анын алдында жолдун экинчи тилкесинде ушул эле багытта «Мерседес-Бенц 316» унаасы саатына 100 км ылдамдыкта (ылдамдык GPS каражаты менен аныкталган) бара жаткан. Акыл жолдун биринчи тилкесиндеги «Мерседес» жүк ташуучу унаасын кууп жетип, ошол маалда «Мерседес-Бенц 316» унаасын ашып өтүүгө аракет кылган. Бирок каршы тилкедеги «Тойота Хайлендер» үлгүсүндөгү унааны көрөрү менен рулду оң тарапка буруп, «Мерседес-Бенц 316» унаасына урунган. Андан кийин кичи автобус өзүнүн багытынан чыгып, карама-каршы тилкедеги «Тойота Хайлендер» автоунаасы менен бет маңдай кагышкан. Ал унаа батыштан чыгышты карай бара жаткан.

Жол кырсыктын кесепетинен «Тойота Хайлендердин» айдоочусу Ж.Зарлык жана жүргүнчүлөр: С.Ш.А., С.Н.А., М.Т.Д. окуя болгон жерден мерт кетишкен. К.Н.К. аттуу жүргүнчү денесине катуу жаракат алган. «Тойота Хайлендер» автоунаасы жараксыз деп табылып, материалдык чыгым 552 сомду түзгөн.

Ал эми кичи автобустун айдоочусу жана жүргүнчү И.Э.Н. окуя болгон жерден каза болгон. С.А.К. аттуу жүргүнчү катуу жаракат алган. «Мерседес-Бенц 316» унаасы жараксыз деп табылып, материалдык чыгым 753 миң сомду түзгөн.

Сотто Акыл айыпты мойнуна алган жок. Анын айтымында, бул күнү таанышы Бактияр менен Чоң-Кеминден Бишкекти көздөй бара жаткан. Болжол менен саат 18:00-18:30 чамасында Кызыл-Октябрь айылынын жанынан жолдун биринчи тилкесинде «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү автоунаасы белгисиз себептен чайпалып бара жатканын көргөн. Ал Акылдын унаасынын алдында 5-10 метр аралыкта жүрүп бараткан. Ал эми айыпталуучу жолдун экинчи тилкесинде 70-80 км/саат ылдамдыкта бара жаткан. Бир маалда жанынан жүргөн кичи автобус башкаруусун жоготуп, Акылдын тилкесине жылганда тормозду басууга жетишпей калган. Андан кийин унаалар кагышып, «Спринтер» жолдун карама-каршы тилкесине чыккан.

Айыпталуучу «Тойота Хайлендер» менен «Мерседес-Бенц Спринтер» кантип кагышканын билбейт. Жаан жаап, жол суу болуп турган. Дароо эле унааны токтотуп, эки унаанын талкаланганын көрүп, жардам сураган кыйкырык үндөрдү уккан. Андан кийин жолдогу унааларды токтотуп, айдоочулардан жардам сурап, тез жардам кызматын, ӨКМдин куткаруучуларын жана милиция кызматкерлерин чакырышкан.

Акыл милиция кызматкерлери келип протокол толтуруп, айыпталуучунун унаасы да жол кырсыгына катышкан деп жазышканын, жарандык милдетин аткарып, көргөн-билгендерин айтып бергенин, бирок күбөдөн айыпталуучуга айландырып коюшкандыгын билдирди.

Айыпталуучу түшүндүргөндөй, жолдун биринчи тилкесинде Бишкек багытында кичи автобус, ушул эле багытта өзүнүн унаасы экинчи тилкеде жүрүп бара жаткан. Ошол маалда жүк ташуучу унаа болгон эмес.

Жабырлануучу Сыймыктын (аты өзгөртүлдү, С.А.) айтымында, ошол күнү товарларды жеткирип, маркум Т.Б.Ш. жана И.Э.Н. болуп «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа менен Кочкор районунан жол тартышкан. Ал унааны айдап бара жаткан Бакыт жана Эмилдин ортосунда отурган. Ошол учурда кар аралашкан жаан жаап жаткан. Жолдун биринчи тилкесинде «Мерседес-Бенц Гигант» үлгүсүндөгү унаа, эки тилкеде Сыймык отурган унаа кетип бара жаткан. Арттагы унаалардын бири кайра-кайра сигнал берген. Ошондо Т.Б.Ш. «ким эле артта тынчый албай жатат» деп нааразы болгон.

Жабырлануучу айдоочунун күзгүсүнөн артты карап, жеңил унаа келе жатканын көргөн. Бирок унаанын үлгүсүн байкаган эмес. Саналуу убакыт ичинде катуу үн угулуп, катуу сокку болгон. Андан соң эле унаа «Спринтер» тарапка жүргөн. Айдоочу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыккан.

«Чет тарапта бак көрүнүп турган, ошол бакка барып урунуп, унаа токтоп калат деген ойлор келген. Бирок ал бакка жетпей, «Тойота» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Баары абдан тез убакытта болуп кетти», - деди ал.

Сыймык эс-учун жоготуп койгондуктан андан кийин эмне болгону эсинде жок. Бир аз убакыттан кийин эсине келип, дагы деле эмне болгонун түшүнбөй, унаага бутту кыпчылып калганын байкап жардам сураган. Ошол жактагы адамдар унаадан чыкканга жардамдашып, ооруканага жеткиришкен.

Жыйынтыгында Кемин райондук соту Акылды Жазык кодексинин 297-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 135-берененин 2-бөлүмү (этиятсыздыктан киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп таап, 5 жыл 4 айга жылга эркинен ажыратты.

Акыл сот залынан камакка алынды.

 

Последние новости