www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда куудулдардын арасында алдыңкы катмарда эл арасында сүңгүп кирип келе жаткан “Беш тапан” куудулдар тобу бар. Бул топтун негиздөөчүсү КР маданиятына Эмгек сиңирген ишмер Рахман Раззыков түптөгөн. Аталган топтун курамында 8 ден ашуун мыкты куудулдар бар. Сахнада алар көбүн эсе саясатка басым жасайт. NazarNews.kg маалымат агенттигине конокто “Беш тапандын” бири Баатыр Кыдырмышов болду.
--Саламатсызбы Баатыр мырза, күндүн саратан аптабында кандай ас алып жатасыздар. Кайсы мамлекеттерге сапарга чыгуунун алдында турасыздар, чыгармачылык жактан кандай жаңылык күтсөк болот?
--Азырынча “Беш тапан” 2 айлык эс алууга чыкканбыз. Өзүбүзчө, ар кимибиз ар кайсы жакта эс алып жатабыз. Болсун, Союзбек Гүлжигит Сатыбеков менен чет өлкөдө концерттик турнир менен жүрүшөт. Өзүм үй тиричилиги менен алек болуудамын.
--Элдердин арасында “Беш тапан” ажырады деген кеп тар чөйрөдө тарады, чынбы?
--“Беш тапан” тобу чачырабайт, буюрса. Бул топ эл арасында чоң статуска ээ болду. Болгон ар бир айдын алтысы эс алууга чыкты. Ошого байланыштуу эки ай эс алуудабыз. Ким айтса дагы өздөрү бөлүнүшсүн. “Ар бир айдын алтысы буюрса жакын арада чыгат”, деп Рахман Раззыков агайыбыз айтты эле.
--Бүгүнкү күндө сиздердин топ кайсы саясатчыны туурап же кандай саясый күлкү тордун үстүндө иштеп жатасыздар?
--Сатираны көбүнчө Рахман Раззыков агайыбыз жазат. Азыр байкап карасаң баары саясат болуп кетти. Телевизордон баштап, телефонго чейин, айылга барсаң эчкиден баштап текеге чейин. Мен дагы саясаттан тышкары породия жазайын десем эле “болбой эле” саясатка кирип кетип жатат.
--Сиздин калемиңизге таандык канча саясый сатиралар бар?
--Менин калемиме таандык саясый сатиралар бар.
--Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында, көп менмин деген саясатылардын мээсин чагып, нервин кайнатып келдиңер. Алар тарабынан кандайдыр бир кысымдар болгон жокпу?
--Жо-оок, андай кысым деле болгон жок. Баары биздин сатираларга сүйүнүп, бизди көргөндө беттен өөп тосуп алып, рахмат айтып жатышат.
--Гүлжигит Сатыбековдун калемине таандык ырына бир нече күн мурда пордия жазып чыгыптырсыз, Атамбаевдин кадамы менен сиздин породия айкалышып калыптыр да...
--Ооба, ал породияны бир нече кун мурун жазгам. Атамбаевдин кадамы менен айкалышып калганына өзүм таң калып калдым. Өзүмө илхом келгенде жазып коемун. Ошол ыр менен Атамбаевдин тагдыры окшош экен. Анан, “Атамбаевдин насаат ыры” деп жазып койдум.
Атамбаевдин "Насаат" ыры
Тумчугамын түбү жок,
Санааларга батамын.
Абак келет жакындап,
Тартат окшойм азабын.
Издетпеймин негизи,
Кой ташта эле жатамын.
Кайырма:
Азаматты кор кылган,
Арак болот турбайбы?
Дос тууганын алыстап,
Нарак болот турбайбы?
Колдон амал кеткенде
Чатак болот турбайбы?
Карга кузгун баарысы,
Качак болот турбайбы?
Көзүмдү ачып жумганча,
Алты жылым өтүптүр.
Көзүм ачып карасам,
Көбү качып кетиптир.
Тирүүлүктө адамдар,
Байлык менен бааланат.
Кайырма:
АК үй көркү бөлөгөн,
Бөлөкк болот турбайбы?
Агасына-иниси,
Жөлөк болот турбайбы?
Бир туугандар Ак үйдө,
Өзөк болот турбайбы?
Мөөнөт бүтсө Ак үйдөн,
Жайың, бөлөк болот турбайбы?
Карыганда хан сарай керек болот турбайбы?
--Негизи Кыргызстанда чыгармачыл адамдар ырларды уурдагына көрүп жүрөбүз. Силер дагы аларга окшоп уурдайсыңарбы?
--Азыр ырлар коммерцияга айланып калды. 10 жылдыкка, өкүл ата, өкүл энеге ыр чыгарып калды. Тилекке каршы жүрөктөн чыккан ырлар азайып, ырлардын өмүрү кыскарды. Мурдагы айрым ырлар 100 жылдап жашап атпайбы? Азыркы ырлар “одноразовый” болуп калды. Ал ырлардын так эрежеси бар, бир жолу ырдалат анан жок.
Сиз айткан суроого жооп, биздин топ бир дагы жолу кошуна мамлекеттердин же башка бирөөнүн сатирасын уурдай элек. Анткени биздин саясатчылар куудулдарга сатира жазуу үчүн мыкты идеяларды өздөрү тартуулап турат.
--Саясатта кимди туурап чыккан кызыгыраак...
--Кайсы саясатчы көп сүйлөсө, ошол саясатчыны туурап чыккан кызыгыраак...
--Рахмат.
Эске сала кетсек, маек ушул жылдын 20-июль айында алынган.
Булак: NazarNews.kg