www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга айыпталып же кандайдыр бир кылмышка шектелип кылмыш иши козголгон соң Кыргызстандан чыгып кеткен аткаминерлер арбын. Мына 2010-жылдагы апрель окуяларынан соң өлкөдөн чыгып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын эске албаганда да, акыркы эле жылдары кылмышка шектүү бир нече саясатчы, жетекчи Кыргызстандан качып, из жашырып кетишти.

Маселен, кылмышка шектүү деп табылган соң Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов, президенттик шайлоодо экинчи орун алган «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, Материалдык резервдер фондунун директору Шералы Абдылдаев сыяктуу адамдар учурда өлкө сыртында жүрөт. ТЭЦ чырынан кийин мурдагы биринчи вице-премьер министр Аскарбек Шадиев АКШга качып кетти. Жакында кримтөбөл Азиз Батукаевди елкөдөн чыгарып жиберүү боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев тергөөгө келбей, из жашырып таптырбай жүрөт. Бул тизмеге Алина Шаикова кошулду, - дейт "Фабула" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости