www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков Кыргыз элине Кайрылуу жасады. 

Кайрылуунун тексти төмөндө толугу менен:

Кыргыз элиме кайрылуу!

Урматтуу кыргыз элим! Мен кыргыз атуулу, патриоту катары жүрөгүм элим, журтум деп согот. Кыргыз болуп төрөлүп Ысык-Көл кылаасында чоңойгонума өзүмдү бактылуу деп сеземин. Кичинемден ачуу-таттууну татып, ысыка күйүп, суука тоңуп, кара нандын баркын билип чоңойдук. Эмгегибиз менен өзүмдүн дагы, туугандарымдын дагы кудайга шугур жакшы жашообуз бар.

Бирок мени кайгыртканы, сиздерге кайрылууга мажбурлаган акыркы убактардагы Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалдар жана өзүбүздүн Кыргыз элин бүт дүйнө жүзүнө уят кылып жаткан маселелерди мен четке каккым келет. Сиздер менен бирге карап, ой жүгүрткүм келет. Мына Кыргызстанда бир эмес эки революция болуп өттү, көптөгөн кишилер көз жумду, жарадар болду, бир топ үй-бүлөөлөр мөгдүрөп багуусуз калды, андан кийин кыргыз-өзбек салгалашуусу дагы 2010-жылы болду, миңдеген кишилер үй-жайсыз калды. Ата-энесинен, балдарынан айрылгандардын жүрөгүнүн жарасынан айыга электер бар.

Андан сырткары Кыргызстандагы 21-кылымдагы болгон жапайы мародерствону бүткүл дүйнө жүзү карап турду. Бириникин бири талап-тоноп, бириникин бири зыянга учуратып, талкалоо, өрттөө жеке эле Бишкектеги базар-дүкөндөрдө эле эмес, башка облустарда дагы мындай окуялар болду. Бийликке нааразычылык көбөйгөндөн көбөйүп жатат. Бийлик элдин талабындай иштей албай жатат деген ойлоруңуздарга мен дагы кошулам. Бирок биздин дагы күнөөбүз бар. Айланайын элим-журтум, алардын берип койгонуна кызыгып, жердештикти ойлоп, деңгээлине карабай,илим-билимине карабай өзүбүз шайлап алганбыз.Кыргыздын таарыхында качан ушундай болду эле?! Бири-бирибизге качан ушундай душмандык мамиле кылып калдык эле?! Андай болгон эмес.

Жакында эле мурунку президент Алмазбек Атамбаев ойго келбеген жаман иш кылды. Өзүнүн болгон деңгээли ошондой экен. Өлкөбүздүн башчысы болуп туруп коңшу мамлекеттер менен жана алыскы Турция ж.б.у.с. мамлекеттер менен дагы мамилени бузуп кетти.Өз жеке кызыкчылыгын бийик койгон адам экен. Эл арасында түндүк - түштүк деген маселе көтөрүлө баштады. А.Атамбаевдин дагы жердештери, айылдаштары, тууган-уруктары ар кандай сөздөрдү айта башташты, бир тобу жапа чекти. Ушул эле маалда бир жигитибизден айрылдык, ондогон кишилер жарадар болду. Укук коргоо органдарынан дагы жарадар болушту, курал-жарактар, ок-дарылар жоголду. Бул дагы оңой менен бүтө турган иш эмес. Түндүк-түштүк деп бөлүнгөнү бул адамдын белинен эле экиге бөлүп салгандай эле. Муну унутушубуз керек.

Улууларды сыйлоону дагы унутуп калдык. Биздин пейилибизди, сыпайигерчилигибизди унуттук. Президентибизди теңтуштай көрүп, жаш балдар "Соке кетсин" деп Бишкек шаарынын борбордук аянтында кыйкырып жүрүштү.

Сооронбай Шариповичти дагы элдин көпчүлүгү шайлаган. Бирок Өкмөт, Жогорку Кеңеш, бүт бийлик органдагылар элге иштеш керек. Ошондуктан элдин толук сураганга акысы бар. Элге отчет берип туруш керек.

Мындай терс көрүнүштөр менен кете берсек кандай болот?! Миллиондон ашык кыз-жигиттерибиз чет жакта мигрант болуп эмгектенип жүрүшөт. Алардын өйдө караган башы, жер карап калбадыбы. Чет жакта "Кыргыздар силердин деңгээлигиңер ушул" деп жатпайбы чет элдиктер. Мамлекеттин келечеги жалгыз Президент, Өкмөт, Парламенттин эле эмес, баарыбыздын ишибиз. Пейилди, ниетти оңдойлучу. Бүгүнкү күндө бийликке нааразычылык болсо, ачык-айрым аны айтканга ар бир жарандын укугу бар. Бирок мыйзамдын гана чегинде.

Саясатты саясатчыларга коюп, ар бирибиз жол картасын өзүбүздөн баштасак, үй-бүлөөбүздөн, балдарыбыздын курсагы токбу, кийими бүтүнбү, окууга кайсы кийим, окуу-куралдары менен барат? Кайсы окууда окуйт? Кандай билим алып жатышат? Кышка даярдык кандай? Ар бирибиз үй-бүлөөдөн баштап, анан айылдан, райондон, облустан баштап мамлекетибизди көтөрүүгө аракет кылсак. Жаман деп эле турсак, жакшы болобу?

Жакшы кыргыз калбай баратат урматтуу кыргыз элим?! Терс көрүнүштөрдөн алыс бололучу. Ойлонолучу, ойгонолучу! Бизге азыр ынтымак, ынсап,биримдүүлүк, бири-бирибизге сый-урмат жетишпейт. Кайдыгерликтен алыс бололу, ар бир жараныбыздын татыктуу жашоого акысы, мүмкүнчүлүгү дагы бар. Элибизди, мамлекетибизди жогорулатуу ар бирибиздин мойнубуздагы милдет. Колубуздан келишинче мамлекетибиздин аброюн сактап, деңгээлин көтөрөлү. Элиме бекем ден- соолук, ынтымак, бакубат жашоо каалайм! Кыргызстандын жаркын келечегин бирге орнотолу!

Урматым менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости