www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лимон табигый дезодорант

Келбетиңиз кандай гана сулуу жана келишимдүү болуп турбасын, эгер колтугуңуз тердеп, жыттанып кийимиңизге нымдуу так калтырса, анда ал сөзсүз маанайды бузат. Мындай жагымсыз жагдайдан арылуу үчүн эң биринчи эле дезодоранттарды колдонууга шашылабыз. Бирок, дезодорантты көп колдонуу аялзатынын ден - соолугуна зыянын тийгизет. Андыктан элдик ыкманы колдонуп колтуктун тердөөсүнөн жана жагымсыз жытынан биротоло арылыңыз.

Көпчүлүк колтугундагы терден, андан пайда болгон жагымсыз жыттан жапа чегип келет. Ар кандай дезодоранттарды колдонуп, жагымсыз жыттан арылганга аракет кылгандарга сонун кеңеш.

Лимонду майда тилимдерге кесип алып, ар таңда таза жуулган колтукка сүйкөп коёсуз. Андан соң эч кандай дезодаранттын да кереги жок. Лимон кислотасы бактерияларды өлтүрүп, жагымсыз жыттан күн бою арылтат. Андан сырткары лимон колтугуңуздун терисин агартканга себеп болот.

Сок ширесин овсянкага кошуп, ал кошулмага бал аралаштырып колтукка сүйкөп, 1 сааттан кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Жыйынтыгында сыйдам, сулуу колтук терисине ээ болосуз.

Самара САЛАМАТОВА

Булак: NazarNews.kg

Последние новости