www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданында өткөн көк бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган 39 адам кармалып, анын ичинен 5 кишиге "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматта шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылат. Алар: Ноокат районунун 23 жаштагы тургуну М. уулу А., Араван районунун тургундары 29 жаштагы И. А. жана 34 жаштагы А. Б., Өзгөн районунун тургуну 51 жаштагы Ж.Ж. жана Алай районунун 24 жаштагы тургуну К. уулу Б.

Милиция окуянын күбөлөрүнөн видео же сүрөттөр болсо Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына көмөк көрсөтүп, болгон маалыматтар менен бөлүшүүнү суранат. Байланыш телефондору: 03222 6-65-22, 0701 106 060.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости