www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КММдин контрабандасы асман чапчыйт

ЖоКенин тийиштүү комитетинде күйүүчү-майлоочу майлардын контрабандасы асман чапчып баратканын айтышты. Депутат А.Султановдун айтымында, 2012-ж. Кыргызстанга 1 млн.418 миң т. КММ келсе, быйыл 800 миң т. гана алат экенбиз. Эмне үчүн 2012-ж. караганда 618 миң т. аз деген суроо жаралды. Өзүбүздүн заводдор жыл өткөн сайын бензин-солярканы көбүрөөк чыгара баштаган имиш. Бирок чындыкка жакыныраагы - Казакстанда 3 завод реонструкциядан өтүп, аларда КММ Россияныкынан 10 сомго арзан болуп жатыптыр.

Казак өкмөтү өткөн жылы эле "Россияга окшоп силерге да бажы төлөмү жок сатып туралы" дешсе, азыркыга чейин келишим түзүлө элек. Чакан жана орто ишкерлер, карапайым эл айла жок контрабандалык арзан бензин, солярка ташып келүүгө кызыкдар. Токмок, Талас, Кара-Балтада ошентип бензин 30-33 сомдон болсо, "Газпром нефть Азияныкы" 36-39 сомдон болууда. Кардар арзанына качырат экен да.

Булак: "Ачык саясат"

 

 

Последние новости