www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште «КТ Мобайл» ишканасын текшерүү боюнча комиссия түзүлүп жатканда анын директорунун орун басары Иманкадыр уулу Эрназардын иштен алынгандыгы айтылды. Көрсө ал өкмөт башчы М.Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин баласы экен. Ал эми мурда үч жолу министр болгон Иманкадыр Рысалиев азыр «Ачык өкмөт» деп аталган эл аралык уюмдун секретариатынын жетекчиси кызматын аркалайт. Бажасынын баласы ишин али баштай элек майлуу-сүттүү мекеменин башчысынын орун басары экенин билбептир.
(Мына сага, кайран кыргыз. Дүйнөлүк мыйзамдар менен жашайбыз деп бекер эле эдиреңдейбиз. Андан көрө ошол мыйзамдарды, ал турмак Конституцияны кыргыз кыртышына алып келип жаңылап, ата-энеси менен балдарын эле жакын тууган деп эсептебей, ушуга окшогон бир тууган бажаларды, тага-жээндерди, куда-сөөктөрдү, бөлөлөрдү, таеже-таежезделерди, өкүл ата менен өкүл балдарды да жакын тууган деп эсептеген эреже киргизиш керек. Чоң деңгээлдеги атка минерлер (өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, соттор, прокурорлор) декларацияларында ошолордун аты-жөндөрүн көрсөтүп коюшсун.)
Ушул тууганчылыкка байланыштуу «Ата Мекен» фракциясынын лидери А.Шыкмаматов өкмөт башчы да УКМКнын төрагасы И.Кадыркуловго окшоп отставкага кетиши керек деген маселе көтөрдү. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги отчету президент С.Жээнбековдун ал жерге келип сөз сүйлөп колдоого алгандыгынан гана канааттандырарлык баа алгандыгын эске салды.
«КТ Мобайл» ишканасы «Альфа Телеком» (МЕГАКОМ) компаниясы менен «Кыргызтелекомдун» ортосунан жаралган туунду ишкана. Ал Максим Бакиевдин «Алло» деп кошулганы үчүн 60 тыйын кагып ала турган компаниясына окшоп калкты мобилдик байланыш менен камсыз кылмак экен, бирок али иштей элек жатып алкымы араандай ачылып, эми туулбай жатып туна чөгө баштаган кези.
Ишти баштабай жатып «Альфа Телекомдон» ири суммада акча алып, кызматкерлери бекер айлыкка туйтунуп жаткан «КТ Мобайл» ишканасы алгачкы алган 168 млн сом кандай чыгымдалган деген суроо жаралат.
17-майда «КТ Мобайл» чыры боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында «Альфа Телеком» компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангуловду Иманкадыр Рысалиев коркутуп жатканын айтып даттанса, Иманкадыр Рысалиев бул сөздөрдү четке кагып, муну баары жалган экенин баса белгилеп актанды.
Булак: "Ачык саясат"