www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асель Кодуранова вице-спикер кызматынан алынды. КСДП фракциясынын көпчүлүк мүчөсү аны кызматтан алууга добуш беришти. Отурум жабык эшик артында өттү. Вице-спикер Асель Кодуранова 12-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өмүрбек Бабановдун саясий куугунтугу боюнча маселени күн тартибине киргизип койгон.

Төрага Дастанбек Жумабеков алгач маселени комитеттен карап чыгып, анан жалпы жыйында кароону сунуштаган. Кийинчерээк, депутаттардын көпчүлүк бөлүгү маселени карап чыгууга каршы добуш беришип күн тартибинен алынган. КСДП фракциясы Асель Кодуранованын Өмүрбек Бабанов боюнча маселени чыгаруусун демарш катары баалашты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости