www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ министринин биринчи орун басары, генерал-майор Сүйүн Өмүрзаков чыр чыккан жерге өз мезгилинде жетип, абалды курчутпай жөнгө салып келатканын ким тана алат? Мындай жумушту чыныгы профессионал гана аткара алат эмеспи. Жакында Чаткал районунун Терек-Сай айылынын тургундары кен казууга каршы чыгып, ортодо милиция менен кагылышуу болуп, окуя республика боюнча дүң деп, парламенттин трибунасынан катуу сөздөр айтылып кетпедиби.

Ошондо дагы Сүйүн Өмүрзаков ошол жерге барып, митингге чыккан эл менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абалды жөнгө салып келди. Окуяга жол берген жергиликтүү бийлик абалды жөндөй албай, алакан жайып олтуруп бергенин кантип жокко чыгарабыз? Жогор жактагы бийлик өкүлдөрү элдин алдына баралбай койгондо, жалгыз Өмүрзаков барып, өзүнүн милдетин так аткарып кайтты. Мындай абалды облус, райондун деңгээлиндеги бийлик башчылары чечип койгонго дарамети жетпей, өздөрүнүн деңгээлин көрсөтүп алышты. Ушуга окшогон эле окуя Тогуз-Тородо орун алган кезде, ал кездеги ИИМ министри Улан Исраилов баш болгон команданын чабалдыгынан, ишти алып барууну билбегендиктен абал кыйла курчубады беле.

Азыркы ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев дагы экинчи ирет министрликтин эки тизгин бир чылбырын колуна алганда аймактарды түрө кыдырып, ишти катуу таскак менен баштагандай болгон. Бирок, кайсыл жерде тирешүү пайда болсо, ал жерге өзү барбастан, биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков барып жатканы нени билдирет, бурадарлар? Министр өзү барса болот беле? Болмок. Сүйүн Өмүрзаков кыйын кырдаалдарда нечен ирет жүрүп бышып жетилген да. Абалды кантип жөнгө салууну азыр андан мыкты билген ИИМде генерал жок. Буга бөркүңүздөрдөй ишене бергиле. Иш билги генералды “өрт өчүргүч” катары колдоно бербей, ага ИИМди жетектөөнү тапшырса, иштин майын чыгарып иштеп бермек. Учур Сүйүн Өмүрзаковдой кадрларды талап кылып жатпайбы…

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости